Агөлөң жарым аралы

Википедия дан

Агөлөң жарым аралы - Балыкчы булуңунун түштүк-батыш жээгинде. Агөлөң кыштагынан (Тоң району) 6,3 км түндүк-чыгыш тарапта. Көлгө карай 2 км кирип жатат, туурасы 3 км. Мурда арал болуп (аянты 66480 м2), жээктен 130 м аралыкта турган (1956-ж.), кийин кургактыкка кошулуп, жарым аралды түзгөн. Жарым аралдын аянты 1957-жылдан 1982-ж. чейин 0,6749 км2ге, 1981-84-ж. 0,0046 км2ге чоңойгон. Суу астындагы бөлүгүндө 3-5 м тереңдикке чейин кум жалчалары жатат. Кум-шагылдуу жээк жалчалары, сайроондор ж. б. мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1