Агөлөң кыштагы

Википедия дан

Агөлөң кыштагы - Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы кыштак. Көк-Мойнок айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Бөкөнбаев кыштагынан 90 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 21 км. Деңиз деңгээлинен 1650 м бийиктикте жайгашкан. 1930-ж. отурукташкан. Калкы 1398 (2006); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, дарыкана, бейтапкана, китепкана бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта манасчы Саякбай Каралаев, Социалдык Эмгектин Баатыры Ө.Түлөбердиев туулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

Калып:KZ-settlement-stub