Адабий сыйлыктар

Википедия дан

Адабий сыйлыктар – адабий турмушта көрүнүктүү роль ойногон көркөм чыгармалар үчүн берилүүчү сыйлыктар. Адабий сыйлыктар мамлекеттик, коомдук-илимий, чыгармачыл уюмдар, басылмалар жана гезит-журналдардын редакцияларытарабынан белгиленет. Аны ыйгаруу ишин талапкерлерди коомчулуктун кеңири талкуусунун негизинде компетенттүү кишилерден турган калыстар тобу же атайын комитет чечет. 1925-ж. илим, техника, адабият жана искусствонун көрүнүктүү чыгармалары үчүн В. И. Ленин атындагы сыйлык белгиленген. 1939-ж. СССР Эл Комиссарлар Советинин токтому менен СССР мамлекеттик сыйлык негизделген. Ал 1954-ж. Сталиндик сыйлык деп аталып, 1941-жылдан 1952-ж. чейин түрдүү тармактагы (көркөм адабият жана анын тарыхы боюнча да) эмгектер үчүн жыл сайын ыйгарылып келген. 1956-ж. КПСС БК менен СССР Министрлер Совети Лениндик сыйлыкты кайра калыбына келтирүү жөнүндө чечим кабыл алган. Ал 1967-ж. чейин ар жылы, кийин эки жылда бир жолу, ал эми СССР мамлекеттик сыйлык жылына ыйгарылган. Чет өлкөлөрдөгү адабий сыйлыктардын белгилүүсү Швеция Королчулугунун академиясы жылына бере турган Нобель атындагы сыйлык ж. б. Кыргызстанда адабият жана искусство боюнча Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык (1965), республиканын Ленин комсомолу сыйлыгы (1967), К. Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлык (1991) негизделген. 1986-ж. Кыргызстан Жазуучулар Союзу тарабынан А. Осмонов атындагы адабий сыйлык уюштурулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1