Мазмунга өтүү

Адамдардын жашоосу баарынан маанилүү (партия)

Википедия дан
Адамдардын жашоосу баарынан маанилүү
Төрөгасы

Итиро Одзава

Негиздеген

11.06.2012

Башкы кеңсеси

Нагата-тё, Тиёда, Токио, Жапония

Идеологиясы

популизм

Сайты

https://www.seikatsu1.jp/

People's Life First

Адамдардын жашоосу баарынан маанилүү (жапон. 国民の生活が第, Kokumin no Seikatsu ga Dai'ichi) — кыска мөөнөттүү убакытта саясий иш алып барган жапон саясий партиясы. Бул саясий партиянын мүчөлөрү Өкүлдөр палатасында 480 орундун 37 орунун жана Кеңешчилер палатасында 242 орундун 12 орунун ээлеп турган[1].

2012-жылы 28-ноябрда Оцу шаарындагы Сиги Юкико Каданын «Келечек партиясы» менен бириккен[2]. Партия керектөөгө салыкты көтөрүүгө каршы чыккан[3] жана атомдун кубаттын колдонууну толугу менен токтотууну пландаган[4].

Жапониянын Демократиялык партисынын төрөгалары, керектөөгө салыкты 5%дан 10%га чейин көтөрүү боюнча маселеге макул деген добушун бергенден кийин, бул партиянын Итиро Одзава жана дагы 48 мүчөсү жаңы партияны негиздешкен. Бул партиянын биринчи жыйыны парламенттик музейде 2012-жылдын 11-июлунда болуп өткөн[4]. Партиянын курамына Өкүлдөр палатасынын 37 мүчөсү, Кеңешчилер палатасынын 12 мүчөсү киришкен[5]. Ушул эле жылдын июль айынын аягында ээлеген орду боюнча Өкүлдөр палатасында 3-орунду, Кеңешчилер палатасында 4-орунду ээлегенге жетишкен[6][7].

Итиро Одзава партияны түзүп жатып, «Зайтун дарагы» коалициясын үлгү катары санаган. Тоору Хасимотонун Осака реставрация ассоциациясы, Чыныгы демократтар — Дайчинин жаңы партиясы, Такаси Кавамуранын Genzei Nippon партиясы, Хидэаки Омуранын «Айчи — Жапониянын чокусу» партиялары менен өнөктөш болуу мүмкүнчүлүктөрү болгон[8][9].

2012-жылы 9-июлда Итиро Одзаванын үй-бүлөсүнүн кичи мекени болгон Иватэ префектурасынын губернатору Такуя Тассо Жапониянын Демократиялык партисы менен болгон байланышын үзүп, жаңы партияга кошуларын жарыялаган[10].

2012-жылдын 3-августунда «Адамдардын жашоосу баарынан маанилүү» партиясы Кидзун партиясы, Жапониянын коммунистик партиясы, Социал-демократ партиясы, «Сиздин партия», Жапониянын жаңы партиясы, Жаңыдан кайра жаралуу партиясы менен биргеликте өлкөнүн премьер-министри Ёсихико Нодага ишеним көрсөтпөө вотумун жарыялаган жана керектөөгө салыкты 5%дан 10%га которуу боюнча мыйзам долбоорун четке кагууга аракет кылган[11]. Жапон парламентиндеги эрежелерге ылайык, ишенбөөчүлүк көрсөтүү үчүн 51 мыйзам чыгаруучунун колдоосу керек, бирок «Адамдардын жашоосу баарынан маанилүү» партиясынын бул аракети жетиштүүү добушка ээ болгон эмес.

2012-жылдын 29-августунда жети оппозициялык партиялардын берген сунуштарынын негизинде Кеңешчилер палатасы өлкөнүн премьер-министри Ёсихико Нодага сөгүш жарыялаган жана башка мыйзам долбоорлорун кабыл албоо максатында 2012-жылдын 8-сентябрына чейин жыйындарга катышпай, бойкот жарыялаган[12].

2012-жылдын 15-ноябрында Ёсихико Нода 2012-жылдын 16-декабрында мөөнөтүнөн мурда шайлоо болорун жарыялагандан кийин Кизуна партиясы жана «Адамдардын жашоосу баарынан маанилүү» партиясы өзүн-өздөрү таркатып, «Жашоо баарынан маанилүү» партиясы менен биригүү чечимин кабыл алышкан. «Жашоо баарынан маанилүү» партиясынын төрөгасы Акира Утияма мындай пландардан баш тарткан.

2012-жылдын 16-декабрындагы жалпы шайлоого аз убакыт калганда, партиянын парламенттеги мүчөлөрү «Келечек партиясына» кошулуп, «Адамдардын жашоосу баарынан маанилүү» артиясы толугу менен жоюлган.

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]