Адамзаттын келечеги

Википедия дан

Адамзаттын келечеги (же футурология) Футурология – адамзаттын, коомдун келечегин иликтеген окуу, «болочоктун концепциясы» (латынча futurum – «келечек» деген сөздөн чыккан). Ушул маанисинде адегенде 1943-жылы немец социологу О. Флехтхейм тарабынан колдонулуп, кийин кеңири таркаган.


Чын-чынына келгенде адам баласы эч качан келечекке көңүлкош караган эмес. Жашоо-турмуштун өзү аны келер чак жөнүндө ойлонууга мажбур кылган. Адам өз келечегин болжоп билүүгө, алдын алууга, өзү билбесе «көзү ачыктарга» айттырып, кабардар болуп, камдуу тосушка аракет кылган. «Келечекти билүүнүн» ар түрдүү айла-амалдарын тапкан (төлгө, карта ачуу ж. б.).

Философияда Платондун «идеядагы мамлекет» (идеальное государство) жөнүндөгү окуусу алгачкы «футурологиялык» концепциялардан болгон десек жарашат. Ошондой эле утопиялык1 окууларда (Т. Мор, Т. Кампенелла) да футурологиялык маани-мазмун бар дешке болот. Бирок илим-билимдин өзгөчө тармагы иретинде футурология ХХ кылымдын экинчи жарымынын туундусу жана анын өз тарыхы, тагдыры бар.

Биринчиден, «глобал проблемалар» аталган, жалпы адамзатты сарсанаа кылган маселелер – экономикалык, экологиялык, демографиялык, согуштук-ядролук – адамзаттын, жер цивилизациясынын бир бүтүн экенин ачык-айкын көргөздү. Өз-өзүнчө жашаган элдер, мамлекеттер тагдыры, келечеги бир экенин даана сезип-билишип, буга чогуу кам көрүү зарылдыгын түшүнүштү.

Экинчиден, коммуникация каражаттары, информация технологиялары алысты жакын кылып, ар жердегилерди бир мейкинге туташтырды. ХХ кылымдын 60-жылдары канадалык социолог М. Маклюэн «дүйнө чоң кыштакка айланат» деп болжосо, бул бат эле чындыкка айланып, азыр Жердин берки бетиндеги жаңылык көз ачып-жумгуча Жердин наркы бетине жетип, адамзат өзүнүн биримдигин ого бетер ачык түшүндү. Үчүнчүдөн, ХХ кылымда адамзат өнүгүүнүн ресурстары, мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө ойлонууга аргасыз болду. Табигый ресурстар канчага жетет? Техникалык прогресс кайда алып барат? Интеллектуалдык ресурсубуз канча? Эртең адам баласы кандай муктаждыктарга бет келиши ыктымал? Ушул өңдүү суроолор жалпысынан (абстракция мүнөзүндө) эмес, практикалык иш-аракеттердин чегинде коюла баштады.

Төртүнчүдөн, ХХ кылымдын аягында, XXI кылымдын башында глобализация процесси күч алып, адамзаттын экономикалык, техникалык, интеллектуалдык биригиши (интеграция) ыкчамдап, ошол эле учурда бул процесстен жабыр тарткан, аны натуура эсептеген антиглобализм кыймылы пайда болду. Натыйжада, бир жагынан адамзат өзүнүн бир бүтүн экенин көрдү. Сөздүн нукура маанисинде адамзат жок, бөлөк-бөлөк элдер, мамлекеттер гана бар деп эсептегендер да аз эмес. Америкалык философ С. Чейз: «Эй, адамзат, бери кел – деп чакырып көрчү, жаныңа бир Адам басып келер бекен» – дейт. Бирок, ХХ кылым адамзаттын бүтүндүгүн таамай-таасын көргөздү. Экинчи жагынан, бир тагдыр, орток келечек туурасында олуттуу ой тегеретип, чогуу кам көрүш зарылдыгы туулду. Бул же тигил региондун, бул же тигил иштин эртеңкиси эмес, жалпы адамзаттын жакынкы келечеги изилдөөнүн, талдоонун предметине айланды. Демек, футурология – бул келечек туурасындагы ар кандай ой-пикир, божомолдордун жыйындысы эмес, адамзаттын, цивилизациянын келечегин талдап-түшүнүүгө багыт алган философиялык-социалдык окуу, агым.

Келечек деген эмне? Келечек – бул:

  • – өткөндүн, азыркынын уландысы, натыйжасы;
  • – ой-тилек, кыял-үмүт;
  • – кийинкиге чектеген иштер, эртеңкиден күткөн нерселер;
  • – алдыга койгон максаттар, аткарчу милдеттер;
  • – жаңылык, күтүлбөгөн нерселер, ойго келбеген окуялар;
  • – боло элек, келе элек убак, азыр жок нерсе;
  • – кааласаң да, каалабасаң да кез келчү нерсе;
  • – жашоонун мааниси, баасы, ж. б.

Ушуга окшогон дагы толгон-токой мүнөздөмөлөрдү келтирсек болот. Алардын баары бирдей баага арзыбайт, бирдей маани аркалабайт. Бирок, алардын арасында келечектин маани-маңызына, сырына байланышкан, адамдын жашоо-турмушу, ыйман-пейили, ой-санаасына тиешелүү түпкүлүктүү маселелерди козгогон мүнөздөмө-аныктамалар кезигет. Философия аларга назар бурбай, көңүл төшөбөй коюшу мүмкүн эмес. Адам баласы илгертен эле өз келечеги тууралуу олуттуу ой жүгүртүп, анын табиятын – сырын түшүнүшкө аргысыз болгон. «Өмүр», «мезгил», «түбөлүк» деген түшүнүктөргө жанаша «келечек» категориясы уюган. Дүйнөлүк маданияттын мейкинине көз жиберсек, философия менен адабияттын кылымдаган тарыхына кайрылсак, биз келечектин ар кыл элесин, турпатын, моделин табабыз. Анткени, келечек бир жагынан адам болмушунун айрып алгыс касиети, учуру болсо, келечек жөнүндө ойлош – бул адамдын кан-жанына сиңген адат, милдет болсо, экинчи жагынан келечек ошончолук көп кырлуу нерсе, оңою менен чечилбеген, жанбаган маселе. Келечек туурасында ой калчап, акыл тегереткенде бир парадокска1 дуушар болобуз. Бир жагынан адамнин, жеке адамдын келечеги ачык-айкындай. Албетте, ойлойт, санаа тартат, кыялданат. Бирок, «баары белгилүүдөй», «баягыдай». Үйлөнөт, бала-чакалуу болот. Билим алып, кесип үйрөнүп, ошого жараша кызмат өтөйт. Өзүнүн кайда жетээрин, эмне көрөөрүн билет. Туулгандан өлгөнгө чейинкисин болжолдоп элестете алат. Экинчи жагынан элдин, коомдун, цивилизациянын чегинен караганда келечек – «белгисиз», сырлуу, табышмактуу. 50–100 жылдан кийин кандай болорун билбейбиз. Биздин ата-энелер телевизор, компьютер деген эмне экенин билбеген убак болбоду беле. Бүгүн булар демейки турмушубуздун ажырагыс белгиси. Ал эми биздин небере-чөбөрөлөр кандай шартта жашайт? 100–200 жылдан кийин турмуш кандай кейипте болор экен? Айтор – келечек кызык, керемет. Бирок, бизге тиешеси жоктой, «алыстай». Неберебизди ойлошубуз мүмкүн. Бирок 5–10 кылымдан соң адамзат кантип жашайт, цивилизация кандай болот – мунун мага ысык-суугу канча? Демек, бул парадокс келечектин элесин эки жакка керип турган жаанын кызматында. Келечектин философиялык концепциясы белгилүү бир ой-түшүнүктөрдүн тизмегин, тутумун түзөт, теориялык маани-мазмун батырган схема, парадигмаларды жаратат. Мунун онтологиялык да, гносеологиялык да, аксиологиялык да жактары бар жана адам болмушун иликтеп-талдап түшүнүүдө өзгөчө баага арзыйт. Ошол эле учурда бул категориялар, схемалар футурологиялык изилдөөлөр үчүн да чоң мааниге ээ.

Футурология адам коомунун, цивилизациянын келечегин аңдап-талдап түшүнүүдө адатта боло жүргөн, демейде кайталана турган окуяларды тизмелеп тим болбойт. Ал коомдун турмушундагы, өнүгүшүндөгү олуттуу өзгөрүүлөр, орчундуу бурулуштар, омоктуу тенденциялар туурасында сөз кылат. Футурологиялык изилдөөлөрдү көбүнчө коомдун, цивилизациянын жаңы сапаттык белгилери, жаңы тепкичке өтүшү, социалдык трансформациялар кызыктырат. Футурологдор ири алдыда «Жаңы коомдун» элесин, келбетин сүрөттөшкө умтулушат.

Келечектин турум-турпатын түзүш көп негизге таянуунун аркасында жүзөгө ашат. Биринчиден, азыркы коомдун турмушундагы башкы багыттар, анын өнүгүп-өзгөрүшүнүн олуттуу тенденциялары, анын мүмкүнчүлүктөрү жана чектери туурасындагы тыянак-бүтүмдөр негиз болот. Экинчиден, өткөндүн орчундуу окуялары, мурункунун сабактары, башкалардын тажрыйбасы эске алынат. Үчүнчүдөн, адам баласы эмнеге кызыгат да, эмнеге умтулат, кайсы нерселерди баалап, кымбат тутат – ушул сыяктуу «түбөлүктүү категориялар» ой-пикирдин кыйырын (горизонтун), нугун аныктап турат. Эртең кандай коомдо жашайбыз? (Хронология маанисинде эмес, сапаттык мүнөздөмө иретинде). Футурология ага ар түрдүү ат коңт: «постиндустрия коому», «технотрондук коом», «информация коому». Бул өңдүү түшүнүктөрдүн мазмуну бир жагынан азыркы цивилизациянын алдыга озгон тенденцияларын, алардын ички логикасы жана темпи, ыкчамдыгы туурасындагы божомолдорду, ой-түшүнүктөрдү камтыса, экинчи жагынан азыркы коомдун кемтиги, бөксө жактары кайсылар, аларды кантип оңдоп-жакшыртса болот – ушул маселелерди да кучагына алат. Мындай коомдорго орчундуу багыттар боюнча мүнөздөмө берген, анын жалпы турум-турпатын, маанилүү белгилерин туташтырып, аздыр-көптүр толук кейпинде элестетүүгө аракет жасалган изилдөөлөр пайда болду. Футурологдордун айтымында бул качандыр бир убакта орночу коом эмес, адамзат бүгүн анын босогосунда турат, анын илебин, күүсүн сезе баштады.

Коомдун, цивилизациянын келечегин болжолдоп билүү, аңдап түшүнүү үчүн футурология ар кыл жолдорду, ыктарды, каражаттарды колдонот. Ири алдыда – көптөн бери колдонулуп келген, мезгил сынагынан өткөн прогноз (болжол) методу. Ар кандай маалымат, жагдай, кырдаал, моделдердин негизинде коомдун жакынкы, көз жеткен келечеги сыпатталат, сүрөттөлөт. Дагы бир олуттуу багыт – «сценарий» түзүү. Футурология бул жолду да кеңири пайдалана баштады. Мында коомдун өнүгүшүнүн мүмкүн деп эсептелген бир нече варианты каралат, тигил же бул фактордун күчөп кетишине жараша ар түрдүү мүмкүнчүлүктөр изилденет. Ошондой эле долбоорлоо (проект, проектирование) ыгы келечекти иликтеп-билүүгө олуттуу кызмат кылат. Коом кандай болушу абзел, өнүгүүнүн кайсы жолу жакшы, жакын арада адам өз купулуна толгон, өз мүдөө-муктаждыгына ырас келген коомду кантип курат – мунун да ар кыл «долбоорлору» түзүлүүдө. Албетте, асмандан албайт, куру кыялга батпайт, бирок «каалоо-тилек», «үмүт-максат» аныктоочу күчкө ээ болот («Жакшы тилек – жарым ырыс» дейт кыргыз).

Футурологиялык изилдөөлөрдүн көпчүлүгү колдонгон дагы бир жол-ыкты «проблемачыл» деп койсок болот. Мына, адам баласы ХХ кылымдын экинчи жарымында экология проблемасы менен бетме-бет келип, аны алгылыктуу чече албай шаштысы кетип, шайы ооп жатат. Эми бул жагдай эртең кандай болушу ыктымал? 50–100 жылдан кийин экологиялык акыбал кандай түр күтүшү мүмкүн? Адамзат бул проблемаларды кантип чече алат, бул азап-тозоктон кантип арылат? Кайсы жолду тандап алат? Ушул сымал суроолордун тегерегинде ой жүгүртүү, илик салуу, изилдөө жүргүзүү келерки коомдун белгилүү бир сыпатын берет. Бул катарга «ядролук согуш» коркунучу кошулат. Же, демография проблемасын алалы. Дыйканчылык башталган доордо (10 миң жыл мурун) Жер жүзүндө 5 млн. адам жашаган экен. А бүгүн бир эле Кыргызстанда (биздин чакан мамлекетибизде) ушунча калк жашайт. Болбосо, техникалык-технологиялык өнүгүшкө назар бурсак. Эртең бул адамзатты кай жакка бурушу мүмкүн? Ал эми «антропологиялык апаатчы» (катастрофачы)? Адам баласынын адеп-абийири, ар-намысы, ыйман-пейили кийин кандай ал-акыбалда болор экен? Демек, «проблемачыл» метод адамзат азыр дуушар болуп жаткан кооп-мүшкүлдөрдү изилдөөнүн негизинде келерки коомдун келбетин тартууга аракет кылат, анын маанилүү белгилерин аныкташка далалат жасайт.

Арийне, футурологиянын мындан башка да жол-ыктары көп. Ошондой эле аларды «таза» түрүндө гана эмес, аралаштырып, айкаштырып урунарын эске алганыбыз жңн. Кеп, келечектин элеси ойдон чыгарылган «жомок» эмес, белгилүү бир теориялык базага таянган, сынактан өткөн, ишенимге арзыган метод, ыктардын аркасында түзүлгөн, азыркы иш-аракеттерге, чечим-бүтүмдөргө багыт бере турган кейипте болушунда.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8