Адвайта-веданта

Википедия дан

Адвайта-веданта (санскр. अद्वैत वेदान्त)(кош эместик ведантасы) – индиялык диний-философиялык окуу, ведантанын Шанкара (8–9-к.) тарабынан өнүктүрүлгөн негизги түрлөрүнүн бири.

Адвайта-ведантанын пайда болушу акылман Гаудападанын ысымы (5-к.) менен байланыштырылат. Адвайта-ведантанын рухий башталыштын (брахман-атмандын) биримдигин, түбөлүк-түүлүгүн жана реалдуулугун, ал эми материалдуу дүйнөнүн (пракритинин) жалгандыгын, закымдыгын, оош-кыйыштуулугун, өйдө-төмөндүгүн, убактылуулугун баса белгилейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]