Аджиев Абдирай

Википедия дан

Аджиев Абдирай 1923-жылы азыркы Сузак районунун Багыш айылында туулган.

Орто мектепти аяктагандан кийин, эмгек жолун Багыш айыл кеңешине караштуу айылдык китепканада жетекчи болуп ипттеп баштаган. 1942-жылы Улуу Ата Мекендик согушка чакырылып, 1945-жылга чейин согушта болуп, андан кийин 1949-жылга чейин Курил аралдарында чек ара аскеринде кызмат кылып, Япон согушуна катышкан. Согуштарда көрсөткөн эрдиги үчүн, “Кызыл Жылдыз”, “Эрдик үчүн” “Ата Мекен” ордендери, “Киниксбергди алуу” “Японияны жеңгендиги үчүн” жана башка көптөгөн медалдар менен сыйланган. 1949-жылы согуштан кайтып келгенден кийин, Октябрь райондук аткаруу комитетинде эмгектене баштайт. 1950-жылы Багыш айыл кеңешине төрага болуп бекитилет. Андан кийинки жылдары Райондук маданият бөлүмүнүн башчысы, “Ленин жол” колхозунда бригадир, зоотехник, “Дружба” совхозунда бригадир, 3-бөлүктүн жетекчиси, жана башка жетекчилик кызматтарда үзүрлүү эмгектеңип 1987-жылы ардактуу эс алууга чыккан. Көптөгөн сыйлыктар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3