Адилет партиясы

Википедия дан

Адилет партиясы – республикадагы саясий партиялардын бири. 1999-ж. мамлекеттик каттоодон өткөн. Республиканын бардык жерлеринде баштапкы уюмдары уюшулган. Жетекчи органдары – Саясий Кеңеш жана Саясий Кеңештин бюросу. Партиянын мүчөлөрүнүн саны 45 миңден ашат. Партиянын стратегиялык милдеттери – укуктук мамлекеттин калыптанышына, демократиялык реформалардын ишке ашуусуна парламенттик – президенттик башкарууга көмөк көрсөтүү. 2000-ж. бир мандаттуу округдар боюнча Жогорку Кеңешке 10 адам шайланган. Агрардык партиянын Саясий Кеңешинин төрагасы Касымов Т., Саясий Кеңештин бюро мүчөлөрү: Бөрүбаев А. А. Жумалиев К. ж. б. Ардактуу мүчөсү Ч. Айтматов. Жооптуу секретары Сергеева О.

Китептин маалыматтары: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9