Адыр-Төр мөңгүсү

Википедия дан

Адыр-Төр мөңгүсү - Сары-Жаздын түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Узунугу 6 км, аянты 11,0 км2. Сары-Жаз суусунун жогорку сол куймасы Адыр-Төр суусунун алабында, Мушкетов мөӊгүсүнүн түштүк тарабында жайгашкан. Мөнгүнүн башы дениз деңгээлинен 5580 м, этеги 3450 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4000 м. Абляция облусунун аянты 4,2 км2. Адыр-Төр мөңгүсү менен «тили» 1943-ж. өтө тыгыз абалда болгон, 1959-ж. ал 540 мге алдыга жылып, Мушкетов мөӊгүсү жаткан өрөөнгө чыккан.

Негизинен кар көчкүлөрдөн куралат. «Тилинин» учунан фирн областына чейинки бети төө карын сымалданып тегиз эмес, жаракалар арбын. Мөӊгүдөн агып чыккан суу Адыр-Төргө сол жактан куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1