Адышев, Муса Мирзапаязович

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Адышев, Муса Мирзапаязович 1915, Гүлчө кыштагы, Алай р-ну, Ош облусу – 1980, Фрунзе ш.) – белгилүү илимпоз, геология-минералогия ил. доктору (1969), професссор (1971), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1961; корреспондент мүчөсү, 1954), вице-президенти (1974) ж-а президенти (1980). Кыргыз ССРнин илимге эмгек сиңирген ишмери (1975). Жалал-Абад педтехникумун (1935), Орто Азия мамлекеттик ун-тинин (САГУ) геол. факультетин (1947) бүтүргөн. Атамекендик согушка (1941 – 45) катышкан. Ош облустук айылдык мектепте мугалим, директор (1935 –38), СССР ИАнын Кыргыз филиалынын Геол. институнун кенже илимий кызматкери (1947), директору (1952), 1954 –75-ж. Кыргыз ССР ИАнын Геол. институнун директору болуп иштеген. А. – литогенез геохимиясынын өкүлү. Илимий эмгектери негизинен Теңиртоодогу байыркы доордо пайда болгон чөкмө тоотектердин геологиясын, геохимиясын ж-а кен байлыктарын изилдөөгө арналган. Теңиртоодо кеңири тараган көмүртек-кремнийлүү сланецтер формациясын изилдеп чыккан. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1975-77-ж.), Эмгек Кызыл Туу, Октябрь революциясы, «Ардак белгиси» ордендери ж-а медалдар менен сыйланган. А. ысымынан Кыргыз республикасынын УИАнын Геология институту, Түштүк-Батыш Теңиртоодогу кыркатоо ж-а андагы бийик чоку, ошондой эле Бишкектеги көчө аталган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]