Ажымат Матиев

Википедия дан

Матиев Ажымат (1905-жылы азыркы Сузак району, Алмалуу-Булак кыштагы.) — колхоз өндүрүшүн уюштуруучу, Социялистик Эмгектин Баатыры (1948). Эмгек жолун 1922-жылы баштаган. Кыргызстандын түштүгүндө жер-суу реформасын откөрүүгө активдүү катышкан. 1930-жылы алгачкылардан болуп колхозго өткөн. 1934-жылдан Сузак районундагы «Алмалуу-Булак» (азыркы К. Маркс атындагы.) колхозунун председатели. Ал башкаргая колхоздун экономикасы бир кыйла чыңдалып малдын саны көбойүп, кунардуулугу арткан. 1947-жылы бодо мал 120%, кой-эчки 108,9%, жылкы 108,9%ке көбойүп, сүт саап алуу 113%ке, жүн кыркып алуу 110%ке өскөн. 1953-60-жылдары Алмалуу-Булак айыл советинин председатели, 1960-87-жылы колхоздо жылкы ферма башчысы болуп иштеген.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Социялистик Эмгектин Баатыры,Ленин ордени, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.