Ажыраш аяк

Википедия дан

Ажыраш аяк – коңуш которуп, бир жакка көчөөрдө коңшуларын чакырып, колунда болгон тамак-ашын берип, коштошуп кетүү салты.

Ажыраш аяк берип жаткан киши алар менен кошуна турган мезгилде өөдө-төмөн болгондорду кечирүүнү, жаманды ичке сактап, жакшыны сыртка чыгарууну өтүнгөн. Ажыраш аяк берген адамды кошуналар жаңы жерге чейин көчүрүшүп, жайгаштырышып келишкен. Ажыраш аяк бербей көчүү коңшуларын сыйлабагандык, теңсинбегендик, таарынгандык, коңшу турууга татыксыз деп эсептегендик, а түгүл касташкандык болуп саналган.


Пайдаланылган адабиятттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]