Ажырык

Википедия дан
Ажырык (Cynodon dactylon).

Ажырык (лат. Cynodon dactylon (L) Pers) – дан өсүмдүктөр тукумунун уруусу. Көп жылдык чөп. Тамыр сабагы абдан узун, бутактуу, катуу. Сабагы жерге төшөлүп өсөт. Жалбырагы узун, ичке, кыйгак. Топ гүл бутакчалары топтолушуп, сабагынын учундагы бир жерден манжадай чачырап чыгат. Машакчалары 1-2 гүлдүү. А. – тамыр сабагынан жакшы көбөйүүчү, кеңири тараган отоо чөп. Мал жакшы жейт. Кургакчылыкка чыдамдуу. Жакшы алысындайт. Кыргызстанда бир гана түрү – манжа сымал А. өсөт. А-тын 10 түрү бар, алар негизинен Түш. Африкада, Австралияда тропик, субтропик алкактарында таралган. Стадион аянтчалары дың жана жашыл болушу үчүн А-ты өстүрсө болот. Уругу көбүнчө анын жапайы өскөн жеринен жыйналып алынат. Көчүрүп отургузса, тамыр сабагы аркылуу да жакшы көбөйөт.[1]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Бермуд чөбүн кантип өлтүрсө болот