Азамат Арапбаев

Википедия дан

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Арапбаев Азамат Абдуллажанович- Кыргыз Республикасынын депутаты.
1970-жылдын 1-октябрында Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында туулган. Улуту-кыргыз.Жогорку билимдүү.

1993-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айылчарба институтун, 2004-жылы Кыргыз Республикасынын ТИМинин дипломатиялык академиясын аяктаган.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмгек жолун 1993-жылы “Ош-Интур” туристтик фирмасынын директорунун орун басары болуп баштаган.

1996-1999-жылдары “Malabar Trading Go LTD” компаниясынын Кыргызстан боюнча директорунун орун басары, 1999-2000-жылдары “Талас-Ош” ЖЧКсынын директорунун орун басары

2000-2002-жылдары “Ош-Арагы” ЖЧКсы компаниясынын жетекчиси, 2003-жылдан 2004-жылга чейин “Алтын-Суу” АКсы башкармасынын төрагасы болуп иштеген. 2004-2008-жылдары “Даннур-Юг” ЖЧКсынын директору. 2005-2008-жылдары “Курулуш материалдарынын Түштүк комбинаты” ЖЧКсынын башкы директору.

2000-2005-жылдары Ош областтык кеңешинин депутаты, 2007-2008-жылдары Ош шаардык кеңешинин депутаты.

2008-жылдан-IV чакырылган Жогорку Кеңештин депутаты.

2010-жылдын октябрынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышына “Ата-Журт” идеалисттик демократиялык саясий партиясынан тизме боюнча депутат болгон.

Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]