Азат Үсөналиев

Википедия дан

Азат Үсөналиевдин ысымы кыргыз боксунда абдан орчундуу орунда турат. Спорттук карьерасында ринг үстүндө бир катар ири жеңиштерди камсыздап, тажрыйбалуу мушкер экендигин айтып турат. Мунөзү абдан жөнөкөй, адамгерчиликтүү жана аракетчил. 2015-жылы Кыргызстанда өткөн Азиянын континенталдык биринчилигинде мыкты жетишкендиктерди көрсөтүп жана Буткул Дүйнөлүк бокс сериясынын(WSB) 5-сезонун ийгилик менен баштап, Европа чемпиону британиялык Эндрю Селбини жеңип алган. Мындай көрсөткүчтөрдөн соң Эл аралык бокс ассоциациясы (АИБА) өзүнүн программасында бир ай ичиндеги мыкты жыйынтыкты көрсөткөн мушкердин рейтингин чыгарып, 2015-жылдын январь айынын “Эң мыкты мушкери” деген наамды Азатка ыйгарган.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азат Үсөналиев 1991-жылы 11-сентябрда Чуй облусунун Токмок шаарында жарык дүйнөгө келген. Спорт менен аралашып калуусуна атасы жана агалары Талант жана Данил себеп болгон. Алар бокс менен машыккандыктан иниси Азатты дайым алдыга сүрөп, колдоп келишет. Азат Усеналиев бокс секциясына 10 жашында барган. Алгачкы машыктыруучусу Шарапов болочоктогу Азия чемпионунун талантын байкап, анын техникалык чеберчилигин арттырган. Убакыт өткөндөн кийин Ильяс Маровдун кол алдында машыгып калган. 16 жашынан баштап бокс менен олуттуу түрдө алек болуп, ошол күндөн бүгүнкү күнгө сейин бардык жашоосун бокс менен өткөрүп, өлкө намысын коргоп келе жатат.

Таланттуу спортчу 2007-жылы кадеттер арасындагы Кыргызстандын улуттук чемпионатын женип, спорттогу кыйыр жолун андан ары күчөтөт. Андан соң Кыргызстандын чегинен чыгып, дүйнөлү аренада күч сынашкан. Азат Усеналиевдин бокстогу алгачкы эл аралык мелдеши 2007-жылы, сентябрда айында Баку шаарында өткөн кадеттер арасында дүйнө биринчилиги эсептелет. Ал жерде мыкты атаандаштарды кезиктирип, көп тажрыйба топтогонго жетишет.

Азат Үсөналиев 2009-жылы Кытайдын Чжухай шаарында өткөн Азиянын континенталдык чемпионатында бир топ тажрыйбалуу өзбекстандык мушкер Рафикжон Султановду женңип, дүйнөгө белгилүү болгон. Мындай жыйынтыктардан соң, Азат 2009-жылы АИБАнын Миланда өткөн бокс боюнча дүйнө чемпионатына, 2010-жылы Гуанчжодогу “Азия оюндарына” жана 2011-жылы Бакуда өткөн дүйнө биринчилигине катышууга укук алып, өз карьерасында баалуу тажрыйба топтой алды.

Олимпиадалык оюндарга жолдомону камсыздоо үчүн квалификациялык беттеште эн күчтүү делген казакстандык фаворит Ильяс Сулейменов менен бет келген. Азаттын женүү мүмкүнчүлүгү дээрлик чоң болгону менен казак спортчусу женишке жетишкен. Анткен менен Үсөналиев атаандаштарына жогорку денгээлдеги боксту көрсөтө ала тургандагын далилдеди.

Ал эми 2013-жылы Иорданиянын борбору Амман шаарында жеңил салмакта кыргыз мушкери Азия чемпионатында өзбекстандык Шахобиддин Заировду финалдык беттеште жеңип, жыйынтыгында Кыргызстандын тарыхында биринчи алтын медалды камсыздай алды. Бул анын атын бир топ алыска жеткирип, өлкө асабасын желбиретти.

Азат Усеналиев Алма-Атада өткөн дүйнө чемпионатына барган. Алгачкы беттешин молдовалык мушкер менен рингге чыгып, утуп алат. Андан кийин казакстандык спортчу менен чыгып, тилекке каршы жеңишти алдырып жиберген. Бирок беттешке күбө болгон бардык бокс серепчилери Азаттын каршылашынан күчтүү болгондугун айтып чыгышкан.

Үсөналиевдин кийинки кадамдары ушуну менен токтоп калган жок, ал Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясынын 4-сезонунда атактуу” Украина атамандары” клубунда франчайзер катары кошулуп, 4 беттештин учөөнү жеңип, Европанын 2 жолку чемпиону британияллык Эндрю Селбиге утулуп калган. Эндрю Селби ал кезде “Италиянын чагылгандарынын” курамынын намысын коргоп жүргөн.

WSBнин кийинки беттештери Ташкентте  Сидни Джексондун жаркын элесине арналган биринчилигинде жаш мушкер Кыргызстандын курамасында жарым финалдык беттеште кайрадан озбекстандык Шахобиддин Заировду женип, финалга мумкунчулук алган. 

Буйур кызыткан мыкты корунуш финалда Азат Усеналиев жана дуйно биринчилигинин кумуш медалынын ээси озбекстандык Жасурбек Латипов арасында орун алмак, озбек мушкери жаракат алып калганына байланыштуу рингге чыккан эмес. Азаттын машыктыруучусу Адылхан Бекболотов менен бирге бир топ эл аралык мелдештерге барып катышып, Кыргызстандык мушкерлер мыкты экендигин далилдей алышты. Азат бугунку кыргыз боксунда оз салмагында эң мыкты спортчу экендигин эч ким тана албайт.