Азербайжан табияты
Азербайжан табияты
Азербайжандын аймагы негизинен тоолуу. Түндүгүндө Чоң Кавказ, түштүгүндө Кичи Кавказ тоолору, алардын аралыгында Кура-Аракс ойдуңу, түштүк-чыгышында Талыш тоолору (бийиктиги 2477 м) жана Ленкоран ойдуңу, түштүгүндө Орто Аракс ойдуңу, Айоцдзор (Дарлагез) жана Зангезур тоо кыркалары курчап жатат. Ири жарымаралдары: Апшерон, Кура, Сара; ыңгайлуу бухталары: Кызылагач, Бакы; ири аралдары: Апшерон архипелагында - Жилой жана Артём (жээкке дамба аркылуу туташат). Бакы архипелагында майда аралдар бар. Апшерон жарым аралы, Апшерон, Бакы архипелагдары, Кура ойдуңу нефть жана газга бай; темир, алюминий (Дашкесан), полиметалл, алунит (Заглик), сымап, кобальт, коргошун, цинк, молибден, таштуз (Нахичеван), йод, бром кендери казылып алынат. Минералдуу суулар, дары баткак жана дарылык нефть (Нафталан) кендери бар. Өлкө негизинен субтропиктик алкакта жайгашып, мелүүндөн субтропикке өтмө климат өкүм сүрөт. Жылдык орточо температурасы 14,5°Сден (түздүктөрдө) 0°Сге чейин (тоолордо) өзгөрөт. Январдын орточо темпрасы түздүктөрүндө 0°...-3°С; тоолуу аймактарында -3...-6°Сге, бийик тоолорунда -10°Сге чейин. Абсолюттук минимум -30°С (Нахичеван ойдуңунда, бийик тоолордо). Июлдун орточо температурасы ойдуңдарда 25-27°С, бийик тоолордо 5°Сден төмөн. Абсолюттук максимуму 40-43°Сге чейин. Жылдык жаанчачыны ойдуңдарда 200-300 мм, тоо этектери менен жапыз тоолордо 300-900 мм, Ленкоран ойдуңунда 1200-1400 ммге (кээде 1700-1800 ммге) жетет. Эң ири дарыялары - Кура (мында Мингечаур ГЭСи жана суусактагычы бар) жана Аракс. Ири көлдөрү: Гажикабул (аянты 15,5 км2), Беюкшор (10,3 км2). Кавказдагы эң кооз көл Гөйкөл. Түзөң бөлүгүндө негизинен боз топурак үстөмдүк кылат; тоо капталдарына коңур жана күрөң тоо-токой, тоо-шалбаа, Ленкоран ойдуңуна сары топурактар мүнөздүү. Кургак талаа, жарымчөл (шыбак, бетеге, эфемер, бийик тоолуу субальп, альп), шалбаа өсүмдүктөрү, тоолорунда жазы жалбырактуу токой (эмен, бук, граб ж. б.), Талыш тоолорунун этектеринде каштан эмени, курма, катраңкы өсөт. Азербайжандын аймагында 14 корук бар; алардын ирилери: Гөйкөл (1925-жылдан иштейт), Кызылагач (Кура дарыясынын чатында, куштар кыштап өтөт), Закатал (дагстан туру мекендейт), Ширван, Гиркан (Талыш тоолорунун реликт токою) ж.б. Өлкөнүн экологиялык абалы жылдан жылга оорлошууда. Айлана-чөйрөнү булгоочу негизги булак - нефть казып алуу жана ажыратуу, металлургия, химиялык өнөр жайы, тоокен комбинаты, ошондой эле кургакчылык (талаада), токой кыюу, Каспий деңиз суусунун деңгээлинин көтөрүлүшү жана нефть, нефть продуктулары менен булганышы жаратылышка терс таасирин тийгизүүдө. Кура жана Аракс дарыясында фенол менен оор темирдин концентрациясы өтө (ККЧ 1525 эсе) жогору.