Аззаар таш

Википедия дан

Аззаар таш - Ажыдаар таш Баткен чөлкөмүнүн түштүк чыгышынан орун алган. Сок дайрасынын баш жагында Ормурзан жайлоосунун башталышында, Дөңмөн айлынан Зардалиге кетип бараткан жолдун маңдайынан көрүнөт. Кудум эле башы кесилген ажыдаар сыяктуу кызгылтым таш. Аны эл Манастын кылычынан ажал тапкан Алооке кандын ажыдаары менен байланыштырат. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча да Анжыянды бийлеген Алоокенин ажайыпканасында багылган ажыдаар Соктон өрдөп кеткендиги айтылат: Ажыдаар кетти жайына, Аттуу киши көрүнгүс Сойлоп кеткен сайына. Сойлогон жери коо болду, Тоого барып жоголду, Ажыдаар сокту деп, Сок атагы шо болду (Сагымбай Орозбаков, 2. 192—193).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4