Азот оксиддери
Азот оксиддери - азот менен кычкылтек бирикмелери: N2O (азот (I) оксид), NO (азот (II) оксиди), NO2(азот (IV) оксиди), N2O3 (азоттуу ангидрид) жана N2O5 (азот ангидриди). N2O (азот (I) оксиди) – жагымдуу жыты, таттуу сымал даамы бар, түссүз газ. t – 89о C суюк, ал эми t – 91оC катуу абалга өтөт. 0оС бир көлөм сууда 1,3 көлөм эрийт. Туруксуз болгондуктан жеңил ажырап, кычкылтек менен азотту пайда кылат:
Азот чала оксиди аммоний нитратын ажыратуудан алынат: 800оC
NH4NO3 g N2O+2H2O
Медицинада анестезия үчүн колдонулат. NO (азот оксиди) – түссүз газ, кайноо t – 163,7оC. Өнөр жайларда электр дугасында аммиакты окистендирүү ыкмасы менен, ал эми лаб-яда суюлтулган азот к-сын таза жез металлына таасир этүүдөн алынат:
3Cu+8HNO3=3Cu(NO3)2+2NO+4H2O Абада окситенип, күрөң түстөгү NO2 айланат, сууда начар эрийт. Щелочтуу, к-талар, суу менен реакцияга кирбейт. Негизинен азот к-тасын алуу үчүн колдонулат. NO2 (азот кош оксиди) – күрөң түстөгү тумчуктургуч жыты бар газ. t – 21,15оC күрөң кызыл суюктукка айланат.Анын өзгөчө касиети t-11оC димерди пайда кылат.
21оС кайнайт, сууда эрип – нитрит жана нитрат к-таларын пайда кылат.
Щелочтор менен нитраттарды пайда кылат. Өнөр жай NO- окситендирүү менен, ал эми лаб-ялык шартта конц. азот к-тасын активсиз металлдарга тасир этүүдөн алынат. Мис.,
Cu+4HNO3=Cu(NO3)2+2NO2+2H2O Негизинен азот к-тасын алуу үчүн колдонулат.N2O3 (азоттуу ангидрид) – кадимки шартта туруксуз, – 3,5оСде кайнайт. Суу менен реакцияга кирип, азот к-тасын жана щелочтор менен реакцияланып, туздарды пайда кылат:
Күчтүү окистендиргич болгондуктан, көп орг. заттар менен да өз ара аракеттенишет. А. о-нин бардыгы физиологиялык жактан активдүү келет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6