Азот топтоо

Википедия дан

Aзот топтоо - атмосферадагы молекулярдык азотту (N2) азоттуу бирикмелерге айландыруу процесси. Азотту ар кандай азот топтоочу микроорганизмдер (бактериялар, актиномицеттер, ачыткыч козу карындар, көк жашыл балырлар) топтойт. Aзот топтоо — жаратылышта азоттун айлануусунда чон роль ойноочу маанилүү биологиялык процесс. 1 га топурактын үстүндөгү атмосферада 70 мин о эркин абалдагы азот кармалып турат. Aзот топтоонун натыйжасында анын бир бөлүгү жогорку түзүлүштүү өсүмдүктөр үчүн пайдаланылат. Көк жашыл балырлар шалы плантациясында гектарына бир жылда 200 кг азот топтойт. Буурчак өсүмдүктөрдөгү түймөк бактериялардын аракетинен бир сезондо 100-250 кгга чейинки азот топуракка сиңирилет. Бул процесстин айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түүмдүүлүгүн арттыруу жана топурактын асылдуулугун жогорулатуу үчүн эң чон мааниси бар. Ошондуктан чанактуулардын уругун түймөк бактериялардын препараттары менен аралаштырып себишип, кийинки жылы анын ордуна дан өсүмдүктөрүн айдашат. Aзот топтоону изилдөө өтө маанилүү. 1894-ж. С. Н. Виноградский азот топтоонун натыйжасында аммиак (NH3) пайда болоорун болжолдоп айткан. Азыркы убакта азоттун оор изотобун ( (N15) колдонуу менен жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө анын тууралыгы аныкталды. А. Н. Бах азот топтоону (1934) окистендирүү-калыбына келтирүүчү ферменттердин аракеттеринин натыйжасы деп ойлогон. Молекулярдык азоттун (N2) аммиакка (NH3) чейин калыбына келиши курамында темир, молибден, магний болгон жана электрондорду N2 ташуучу ферменттик системанын катышуусу менен ишке ашары ырасталган. Aзот топтоочу ферменттик система N2 нин калыбына келишин катализдейт. Мында керектелүүчү энергия аденозинтрифосфаттан (АТФ), калыбына келтиргичтен, мисалы, мол. суутектен (Н2) же сульфит гидратынан (Nа2S2O4) алынат. Ошентип, ферменттердин жардамы менен жүрүүчү азот топтоо кычкылтекти керектебестен эле, калыбына келүүчү процесс болуп саналат. Aзот топтоонун мааниси өтө чоң.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1