Азот топтоочу микроорганизмдер

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Aзот топтоочу микроорганизмдер - абадагы молекулярдык азотту сиңирип, азот бирикмелерине айландыруучу микроорганизмдер. Буга татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр менен симбиоздо жашаган бактериялар, топуракта эркин жашоочулар да кирет. Азоттун табиятта айланышында жана топуракты, көлмөлөрдү азот кошулмалары менен байытууда алардын мааниси чоң (симбиоздук бактериялар жылына 1 га топуракта 200-300 кг, симбиоздук эместер 15-30 кг азот топтойт). Булардын тиричилигинин натыйжасында молекулярдык азоттон (N2) аммиак (NH3) пайда болот. Ал эми аммиактан синтезделген амин кислоталарды өсүмдүктөр пайдаланат. Топуракта, сууда эркин жашаган микроорганизмдерге азот жана анаэробдук бактериялар - клостридум, метан кычкылдандыруучу бактериялар, кызыл күкүрт жана жашыл күкүрт бактериялары кирет. Көк жашыл бактериялардын көбү, кээ бир козу карындар, ачыткылар, спирохеталар да азот топтойт. Симбиоздук азот топтоочуларга чанактуу өсүмдүктүн (буурчак, беде, уйбеде, люпин ж. б.) тамырларында жашоочу түймөк бактериялары кирет. Ошондой эле түймөкчөлөр ольха, жийде ж. б. өсүмдүктүн тамырында да жашап, азот бирикмелерин топтойт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1