Айбалта

Википедия дан
Айбалта

Айбалта – жоокерчиликте колдонуучу курал. Көрүнүшү б-ча жарты ай сымал келип, курч миздүү темирден ар түрдүү өлчөмдө жасалган. Айбалта ар бир жоокердин тулкусуна чактап, урушта колдонууда эптүү кылып даярдалат. Сабын ыргай, четин, кайың ж.б. катуу жыгачка сапташкан ж-а колго токтомдуу болуш үчүн быдырланып, бүлдүргө тагылган. Душманды ууландырып өлтүрүү максатында айбалтанын мизин ууга сугарышкан. Айбалта ат үстүндө да, жөө калганда да урушууга эң жакшы ылайыкталган жаргыч мүнөздөгү согуштук куралдардын катарына кирет. Анын мизинин жогору жагына кээде оюу түшүрүлгөн. Урушта колдон чыгып кетпес үчүн саптын учуна кайыштан боо тагылган.

Манас энциклопедиясында[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айбалта — согуштук курал. Байыртадан көп элдер колдонуп келген. Ал курч темирден жарты ай сымак жасалып, катуу жыгач менен сапталат. Кыргыздарда согуштук балталар 6—9-кылымдан бери белгилүү.
Эпосто айбалта темир менен болоттун ширетүүсүнөн жасалып, сабы ыргай, ага кайыштан бүлдүргү тагылат. Айрым учурда алтын менен кооздолот. «Манастагы» айбалта дал ошондой курал.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]