Айбунар

Википедия дан

АЙБУНАР – б. з. ч. 5-кылымга таандык полиметалл кени чыккан жер. Болгариянын түштүгүндө Стара-Загора шаарынан 8 км аралыкта жайгашкан. Байыркы дүйнөгө таандык коло кени. Кенди Түштүк жана Чыгыш Болгариянын, Түштүк-чыгыш Румыниянын, Молдованын жана Батыш Украинанын калкы колдонуп келген. Советтик окумуштуулар тарабынан 1971–74-жылдары изилденип ачылган. Негизинен кенден коло казылып алынат. Жердин бетине 1,5 кмден кийин чыгат. Кенде он бир ачык карьер иштетилет. Узундугу 110 м (жалпы узундугу 500 мге чейин), туурасы 0,5–10 м (жалпы узундугу 500 мге чейин), туурасы 0,5–10 м, тереңдиги 20–30 м. Көлөмү 20–30 миң т, болжол менен 700–1000 т коло эритилет. Негизги иш аяктаган соң мурунку кенчилер (диний көз карашта) кендин ордун калдыктар менен толтурушкан.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1