Айзек Азимов

Википедия дан
Айзек Азимов
Туулган жери:

Петровичи, Климович уезди, Гомель губерниясы, ОССФР

Жарандыгы:

 ОСФСР АКШ

Ишмердүүлүгү:

прозаик, жазуучу-фантаст, илимди жайылтуучу, кесиби боюнча биохимик

Чыгармачылык жылдары:

1931—1992

Чыгармаларынын тилдери:

англис

Азимов Айзек (англ. Isaac Asimov, 2-январь, 1920, Петровичи, Климович уезди, Гомель губерниясы, ОССФР6-апрель, 1992, Нью-Йорк, АКШ) — америкалык жазуучу-фантаст, биохимик, илимди жайылтуучу. Колумбия университетин бүткөн (1939), Бостон университетинде сабак берген. 500гө жакын чыгармалардын автору. Ага «Негиз» үчилтиги (1966) атак-даңк алып келген. «Болот үңкүрлөр» романы (1957) илимий-фантастикалык детектив жанрынын үлгүсү болгон. Чыгармаларында адам менен машинанын өз ара мамилелеринин моралдык проблемалары анализденет. АКШда табият таануунун, тарыхтын, техниканын проблемалары жөнүндөгү, ар түрдүү энциклопедиялардын, анын ичинде Библия жана Шекспир боюнча китептердин автору катары белгилүү. Илимий фантастикалык жана илимий-популярдуу дээрлик бардык чыгармалары 1960-жылдын ортосунан орус тилине которулган. Хүго и Небула сыйлыктарынын көп жолку ээси. Анын чыгармаларында колдонулган — robotics (роботехника, роботика), positronic (позитрондук), psychohistory (психотарых, кишилердин чоң топторунун жүрүм-туруму тууралуу илим) терминдери англис ж-а башка тилдерге туруктуу кирген. Англо-америкалык адабий чөйрөдө Айзек Азимов Артур Кларк жана Роберт Хайлайн менен бирге "Үч чоң" фантаст-жазуучулардын бири катары таанылат.

Негизги сылыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Хүго сыйлыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Небула сыйлыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Локус журналынын сыйлыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
  • Англис Википедиясынын А. Азимов тууралуу макаласынан