Айтбаев, Сыдыгалы

Википедия дан

Айтбаев Сыдыгалы (1909, Кочкор району, Кара-Суу айылы — 1986, ошол эле жер) — мамлекеттик ишмер.

1940-жылдан КПСС мүчөсу.

1930-ж. Бишкектеги айыл чарба техникумун бүткөн.

1930—32-ж. Ат-Башы, Кочкор райондорунда агроном, 1933—35-ж. Кочкор райондук тоют жыйюноочу машина станциясынын директору, жер боюнча бөлүм башчы, 1935-ж. Кочкор райондук эмгекчилер депутаттар Кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, 1936-ж. Чаткал райондук эмгекчилер депутаттар Кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары.

1940—42-ж. Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин алдындагы радио комитетинин жооптуу редактору.

1942—43-ж. Ак-Талаа районунда МТСтин директору, Кыргызстан КП Тянь-Шань обкомунун айыл чарба бөлүм башчысынын орун басары, бөлүм башчы.

1947-ж. Кыргызстан КП Чолпон райкомунун 1-катчысы, 1949—50-ж. Кыргызстан КП Тянь-Шань обкомунун 2-катчысы, 1950— 52-ж. Ысык-Көл облустук Эмгекчилер депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы.

1952—55-ж. Кыргызстан КП Ысык-Көл обкомунун 1-катчысы, 1956— 61-ж. Тянь-Шань облустук Эмгекчилер депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы.

1961—77-ж. Кочкор районунда чарбалык жетекчи кызматтарда иштеген.

СССР Жогорку Кеңешинин (1954-58), Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин (1955—59) депутаты.

Ленин, Эмгек Кызыл Туу, 2 «Ардак белгиси» ордендери, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.