Айчүрөк-булак
Appearance
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/ky/thumb/c/c7/%D0%90%D0%B9%D1%87%D2%AF%D1%80%D3%A9%D0%BA-%D0%B1%D1%83%D0%BB%D0%B0%D0%BA.jpg/220px-%D0%90%D0%B9%D1%87%D2%AF%D1%80%D3%A9%D0%BA-%D0%B1%D1%83%D0%BB%D0%B0%D0%BA.jpg)
Айчүрөк-булак — Талас дарыясынын оң алабында, Кеңкол өрөөнүнүн ылдый" жагындагы булак. Бүгүнкү күндө ал аймакка айыл түшүп, булак Таш-Арык айлынын ичинде, «Долоно» орто мектебинин жанында.
Эл оозунда «Айчүрөк Семетейди издеп ак куу болуп учуп келип ушул булактын башына конуп, Чачыкейге ушул жерден жолуккандыгы, кайгы-кубаныч аралаш көз жаштан пайда болгон», — деп Айчүрөктүн өзү менен байланыштырат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN 5-89750-013-4
![]() |
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|