Айылдык жаштардын кечки мектеби

Википедия дан

Айылдык жаштардын кечки мектеби - өндүрүштөн кол үздүрбөй сегиз жылдык жана орто билим берүүчү окуу жайы. 1944-ж. 15-июнда «Айылдык жаштардын кечки мектептерин уюштуруу жөнүндө» токтом кабыл алынган. 1958-ж. тартып алар жумушчу жаштар мектеби сыяктуу эле жалпы билим берүүчү кечки /сменалык/ орто мектептер деп атала баштаган. Бул мектептерде окуучулардын каалоосу боюнча профессионалдык адистигин жогорулатуучу сабактар жана кыскартылган мөөнөт менен сегиз, он жылдык мектептин көлөмүндө жалпы билим берүүчү класстар уюштурулган. Окуу жылынын башталышы айыл чарба жумушуна байланыштуу ар кайсы райондо ар түрдүү болушу мүмкүн. Кыргыз Республикасында 1973-жылы айылдык жаштардын кечки мектебиде /сменалык/ 6,9 миңге жакын улан-кыз окуган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Кыргыз педагогикасы: энциклопедиялык окуу куралы". Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Башкы редактор Ү.Асанов, жооптуу редактор И.Бекбоев. Бишкек - 2004. УДК 37.0 ББК 74.00я2 К 97