Айылчы уулу Ишенаалы

Википедия дан

Айылчы уулу Ишенаалы (1900, Жумгал өрөөнү, Курманкожо болуштугу, - 1986, Жумгал району, Чоң-Дөбө айылы) - өнөрпоз жана дин кызматкери.

Дин мектебинен 6 жыл билим алган. Үркүндө ата-энеси менен Турпанга (Кытай) чейин барган. Ал Кытайдан келгенден кийин Суусамыр элинин мурунку болушу Баракан бай балдарынын сабатсыздыгын жойдурам деген максатта аны үй-бүлөсү менен Суусамырга көчүрүп келген.

Колхоздоштурууга активдүү катышкан. Көп жылдар уй ферма башчысы болуп үзүрлүү эмгектенген. 1937-жылкы репрессияга кабылып, Нарын түрмөсүнө камалган. Кийин акталып чыккан. Суусамырда 50 жыл жашаган. Ал өнөрлүү адам болгон. Комуз чертип, жакшы ырдаган. «Ак калтар» дастанын жазган. Суусамыр өрөөнүнүн имамы болгон.

Уулу Жеңишбек Ишеналиев дагы маданият ишмери болуп, Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда солист, кийиячерээк Суусамырдагы айылдык маданият үйүндө директор, көркөм жетекчи болуп иштеп, ондогон өнөрлүү шакирттерди тарбиялап өстүргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9