Айыысыт

Википедия дан

Айыысыт (якут. Айыыhыт) же Айысытякуттардын мифологиясындагы кош бойлуу айымдардын жана үй жаныбарларынын төлүнүн колдоочу пири[1]. Айыысыт, якут мифологиясындагы жогорку айыы пирлеринин катарына кирет. Ал төрөт учурунда жана кош бойлуу аялдарга колдоо көрсөтөт деп эсептелет. Кымыз майрамын якуттар пирлердин урматына өткөрүп турушат, ал пирлердин арасынада Айыысыт дагы бар.

Айыысыт пири[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айыысыт асмандын күн чыгышында жашайт жана ал бай кийинген кемпирдин же бээнин кейпинде жана жарык менен курчалып турат. Ал төрөт маалында пайда болот, кош бойлуу аялдар аман-эсен көз жарып алган соң төрөлгөн балага батасын берип, төрөттөн кийинки үчүнчү күнү төрөгөн аялдын үйүнөн чыгып кетет.

Ошондой эле ири мүйүздүү малдардын да айыысы бар Исегей айысыыты, жылкынын айыысы — Жёсёгей тойон жана Киенг Киели-Балы тойон, ит менен түлкүнүкү — Норулуйа[2]. Нелбэй айыысыты — төрөт учурундагы айыысыты[2]. Жылкылардын айыысыты кышкы күндүн чыгып тарабында, ири мүйүздүү малдардын айыысыты жер астында жашайт. 

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]