Мазмунга өтүү

Айя-София

Википедия дан
Айя-София (2013).

Айя-СофияСтамбулдагы музей имарат, мурдагы византиялык христиандардын ыбаадатканасы. Эми түркиялык соттун 2020-жылдагы чечими менен бул тарыхый мурас болгон имарат кайрадан жамы мечит катары пайдаланууга берилип жатат. Бул окуяга дүйнөлүк коомчулук санааркоо менен мамиле кылды.

Кыскача таржымакалы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул көөнө архитектуралык эстеликтин пайдубалы император Константиндин буйругу менен ортодокс христиандык сыйынуу жайы (ыбаадаткана) катары 325-жылы түптөлүп, 10 миң жумушчу 5 жылда салып бүтүргөн.

Андан бери бир нече ирет оңдолуп, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн. Азыркы көрүнүшү негизинен 532-37-жылы (император Юстиниандын заманында) архитекторлор Анфимий жана Исидордун колунан чыккан үлгү нускадагы калыбын сактаган. Алардын салган күмбөзү 20 жыл өткөн соң кулап калып, 563-жылы Родос аралынын топурагынан жасалган жеңил кыштан жаңы күмбөз тургузулган.
Анын узундугу 77 м, бийиктиги 55,6 м, куполунун диаметри 31,5 м келип, анын негизин айланта 40 терезе жасалган. Алар аркылуу ичине туш тараптан жарык төгүлүп, куполдун зор табагы храмдын үстүндө калкып тургандай көрүнөт.

Бул имараттын курулушунун күбөсү болгон жазуучу Прокопийдин сөзү боюнча, Айя-София деңиз толкундарынын үстүндөгү кеме сыяктуу бүткүл шаардын үстүнөн бийлеп тургандай элес калтырчу экен.

Айя-София учурунда дүйнөдөгү эң ири ортодокс христиандык чиркөөлөрдүн бири болгон.

Осмон түрктөргө чейин ал Византия империясынын ортодокс христиандарынын, кийин 500 жыл бою сунний түрктөрдүн жамы мечити -- диний борбору болгон.

1453-жылы ал мечит болуп, ошого жараша имараттын ичи кайрадан көркөмдөлүп жасалгаланган. Айрым христиандык сүрөттөрдүн калдыктары сакталып калганын кийин илимпоздор аныкташты.

16-18-кылымдарда тегерегине мунаралар тургузулуп, кошумча курулуштар салынган.

Түркия жумуриятын айдыңдык (секулярдык) республика катары түптөгөн айтылуу Ататүрктүн тушунда, 1935-жылы, "Айя-София" имараты мамлекеттик музейге айландырылган. Учурда анын бир нече филиалдары бар болчу.

Эми түркиялык соттун 2020-жылдагы чечими менен бул тарыхый мурас болгон имарат кайрадан жамы мечит катары пайдаланууга берилип жатат. Бул окуяга дүйнөлүк коомчулук санааркоо менен мамиле кылды.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
  • Евтушенко Г. Храм Святой Софии в Константинополе. — СПб.: Сатисъ, 2008. — 272 с. — ISBN 978-5-7868-0029-7.
  • Колпакова Г. С. Искусство Византии. Ранний и средний периоды. — М.: Азбука, 2005. — 528 с. — (Новая история искусства). — ISBN 5-352-00485-6.
  • Mainstone, Rowland J. (1997). Hagia Sophia: Architecture, Structure, and Liturgy of Justinian's Great Church (reprint edition). W.W. Norton & Co. ISBN 978-0-500-27945-8..
  • Mamboury, Ernest (1953). The Tourists' Istanbul. Istanbul: Çituri Biraderler Basımevi.

Интернеттеги шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]