Акбермет

Википедия дан

Акбермет, Бермет — каарман, Сейтектин колуктусу. Саякбай Каралаевдин вариантында А-тин теги периге байланыштырылат. А. "Манас" эпосунда сулуулугуна акылы, кереметтүүлүгү төп келген кайраттуу, чечкиндүү, эр жүрөк баатыр кыз катары сүрөттөлөт:

Беризаада Акбермет
Алты кыздын кенжеси.
Ак жибектен чатыры,
Аялдыгы болбосо
Ургаачынын баатыры.
Он бир жашка келгенде
Атасы Султан өлүптүр.
Он үчкө жашы келгенде
Жаа тартып ойноп жүрүптүр.
Он төрткө жашы келгенде
Ай-ааламдын баарысын
Акыл менен билиптир.
Он бешке келгенде
Бериге султан кан болуп,
Атасынын алтын так
Ошондо Бермет миниптир (Саякбай Каралаев, «Сейтек», 251).

Эпикалык салт боюнча А. Сейтектин тагдырына буюрган колуктусу. Айчүрөк да уулуна өмүрлүк жары пери кыз экенин эскертет. А-ке түшүндө жылаңайлак дубана келип, «кыяматтык күйөөсү» Сейтек экенин билдирет. Сейтектин А-ке үйлөнүшү да Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшүнө окшош. А. — жамандык жакшылыкты алдын-ала туя билген, баатырдын жоо кийимин камдай жүргөн камкор жары, акылман кеңешчиси. Чоң Билгичтин келатканын Сейтекке кабарлайт, атайылап жасалган көк күпөнү, атасынан калган ачал-барс кылычты берип узатат. «Сейтек» варианттарында Сейтектин аялы ар түрдүү ысым менен айтылат (Жакшылык Сарык уулунда — Күлнар, Мамбет Чокмор уулунда Каракөз, Шапак Рысменде уулунда пери кыз Сейилкан жана башкалар).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]