Акбешим шаар чалдыбары

Википедия дан

Акбешим шаар чалдыбары – 6–12-кылымдардагы шаар калдыгы. Токмок шаарынан 6 км. түштүк-батыш тарапта. Түзүлүшү жагынан алгачкы орто кылымдагы Түндүк Кыргызстан үчүн мүнөздүү шаар. Шаардын борборуна туташ жайгашкан аймакта кол өнөрчүлүк, соода, акбешим чалдыбары менен кесипчилик кылган шаардыктардын үйлөрү болгон. Негизинен турак-жай имараттарынын калдыктары, тиричилик шаймандары, тыйындар, көркөмдөлгөн буюмдар, ошондой эле шахристандын түштүк тарабында жайгашкан 6–8-кылымдарга таандык эки будда храмынан архитектура, скульптура, живопись, курулуш техникасына тиешелүү бай материалдар табылган. Бул шаарды Батыш Түрк жана Түргөш кагандыктарынын байтактысы – Суйаб деп эсептешет.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхы.Энциклопедия. Бишкек, 2003
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А. А Асанканов”
Ред. кеңеш: Ө.Ж Осмонов (төрага), Т.Н Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Жуманалиев ж.б.”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]