Акинак

Википедия дан

Кыска, түз, кош миздүү металлдан жасалган кылыч. Б. з. ч. 1-миң жылдыгынын ортосунда перс жана сак жоокерлери колдонгон.

Анын уз. 40–60 см. Сабы колго кармоого ылайыктуу жана ага колду сактоо үчүн туурасынан жасалган жалпак калканычтар бекитилген. Сабынын учу жүрөк, жарым ай жана жаныбарлардын элеси түшүрүлгөн толтолор менен кооздолгон.


Маалымат булактары[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003(жеткиликсиз шилтеме)