Акипов Маликша
Көрүнүш
Акипов Маликша 1916-жылы Грузиянын Ахильцхин районунда туулган.
- Улуу Ата Мекендик согушка 1941- жылы чакырылып, согуш башталгандан аягына чейин болуп, Берлинди алуу согушуна катышат.
- Согуштан кийинки жылдары бир канча кыйынчылыктарды басып өтүп,
- 1956- жылы Сузак районуна караштуу Багыш айылына жайгашат.
- Багыш айылында жайгашкан, кымыздыктын тамырын казып боек чыгаруучу “Таран дубитель” ишканасында эмгектенген.
- Ошону менен катар Багыш айылында жашаган түрк улутундагы элдердин аксакалы болуп, жаштарды тарбиялоодо жана коомдук иштерге активтүү катышып турган.
- Согуш учурунда кылган кызматы үчүн бир канча орден медалдар менен сыйланган.
- Андан кийинки жылдары да юбилейлик медалдар менен сыйланып турган.
- 1995-жылы дүйнөдөн кайткан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3