Аккунас

Википедия дан
Аккунас.

Аккунас (лат. Ciconia ciconia) – кунастар уруусундагы куш. Бийиктиги 1 смге жакын. Түсү ак, карала, тумшугу менен буту кызыл. 20-кылымдын биринчи жарымында Кыргызстанда бул куш Фергана жана Чүй өрөөнүндө таралган. Азыркы учурда бул түр жогоруда аталган өрөөндөрдө чанда жолугат. Бул түрдүн жашоо тиричилиги өрөөндөгү кыштактар менен алардын тегерегиндеги талаада, саздак жерде өтөт. Уясын ири даракка салат, бир жылда бир жолу төлдөйт, 2-5 жумурткаларын тууп, балапандарын басып чыгарат. Бака, балык, чычкан, кескелдирик жана башка курт-кумурскалар менен азыктанышат. А. к-тын кескин азайып кетишине саздардын кургатылышы, дың жерлердин айдалышы себеп болгон. Кээ бир маалыматтарга караганда бул куш мындан көп жыл мурун Борбордук Азияда кенен таралган экен. Азыркы учурда бардык жерде азайуунун үстүндө. 1952-ж-дан тартып Кыргызстанда А. к-ты кармоого тыюу салынган.1975-ж-дан тартып Кыргызстандын , Казахстандын , Өзбекстандын Кызыл китептерине катталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]