Кунастар

Википедия дан
Аккунас (Ciconia ciconia).

Кунастар (лат. Ciconiidae) — куштардын кунас сымалдар түркүмүндөгү тукуму. Дене Узундугу 76—152 см, салмагы 4 кгга жетет. Тумшугу узун же ийилген. Канаты узун, жазы, үн чыгаруучу булчуңдары жок болгондуктан, айрым түрү үн чыгаралбайт. 11 уруусу, 17 түрү тропик, субтропик жана мелүүн алкактарда таралган. КМШ өлкөлөрүндө 3 түрү (кара, ак жа кара тумшук кунастар) бар. Ак кунастардын салмагы 4 кгга жетет. Буту, тумшугу узун, жүнү ак, чалгындары кара. Алар Европа, Япония, Борбордук Азия ж. б. кездешет. Туруктуу түгөй күтөт. Ачык жерде, дарак, аска, жар, үй чатырларына диаметри 1—2 м уя салып, 3—5 жумуртка тууп, 1 айга экөөлөп басат. Алар уялагандан кийин көбүнчө топко чогулат. Бака, кескелдирик, чычкан, курт-кумурскалар ж. б. менен азыктанат. Келгин куш. Борбордук жана Түштүк Африка, Түштүк-Батыш Азия жана Батыш Кытайда кыштайт. Нымдуу шалбаада, сазда азыгын издейт. Азайып кеткендиктен, коргоого алынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]