Мазмунга өтүү

Актери, урук

Википедия дан

Ак тери - саяк уруусунун курамындагы урук[1].

Этнонимдин параллели төркмөндөрдө “ак дере” формасында бар. Түркмөн уламыштарында бул урук ак койдун терисине оролгон абалда жолдон табылган баладан тарайт[2]. Мындай маанидеги уламыштар түрк-монгол элдеринин фольклорунда кенен таралган. Маселен, кыргыздын Каба жөнүндөгү, байыркы кытай жыл баяндарындагы усундардын акими тууралуу санжыралык маалыматтарды параллель коюуга болот.

  1. Абрамзон, 106.
  2. Атаниязов, 1988, 16.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]