Динара Акулова

Википедия дан
Акулова, Динара‎»‎ барагынан багытталды)
Динара Акулова
Негизги маалымат
Туулган датасы

10 -сентябрь 1964(1964-09-10) (59 жаш)

Туулган жери

Светлая Полияна айылы, Жети-Өгүз району, Ысык-Көл облусу, Кыргыз ССРи, СССР

Өлкө

 Кыргызстан

Кесиптери

ырчы, актриса

Жанрлары

Поп

Super.kg: ID 95

Динара Акулова1964-жылы 10-сентябрда Жети-Өгүз районунун, Светлая Поляна айылында туулган.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (1995), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (2005), Кыргыз Республикасынын эл артисти (2021). Кыргыз эстрада ырчысы жана киноактриса. Эгемендүүлүтөн кийинки кыргыз эстрадасынын баштоочуларынын бири.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1964-жылы 10-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы, Светлая Поляна айылында туулган. Ал таенеси Асылдын колунда өскөнү менен өз ата энесинен кол үзгөн эмес. Атасы Догдурбек комуз чертип, жары Гулай экөө кошулуп алып майрамдарда эл алдына чыгып ырдап жүрүшкөн. Динара кичинесинен комуз черткенди, гармошка, аккордеон тартканды үйрөнүп ырдай баштаган.

Ал Караколдогу Ы. Туманов атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайын, Бишкекктеги искусство инсититун бүтүргөн.
К.Орозов атындагы эл аспаптар аркестиринде альт комузда ойногон. Комуздун коштоосунда элдик ырларды ырдаган.

Кийин эстрада ырларына өтөт. Марат Алыбаевдин “Эй, жазгүлүм” “менсени сүйөм”, “Аккордеон” деген ырларын аткарып,бүт Кыргызстанга белгилүү болот. Тараз Асанакуновдун “Аккуу белең Айперим”, кийин Ибирагим Жунусовдун “Эламанын” аткаруу менен Динаранын атак-даңкы ого бетер артты. Кийин өзү “Динара” эстрадалык тобун түзүп, чыгармачылык ийгиликтери жогорку бийиктикке жетишет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Абдышев К."Кылым инсандары" Бишкек-2003-ж.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]