Акуш

Википедия дан

Акуш (тажикче накш, уйгурча накша — «ыр») — тойлордо, салтанаттуу кечелерде, көңүлдүү отурган убакта кезек менен ырдачу ыр. «Манаста» А. тууралуу «...Барабанын тарттырып, Бала туйгун жолунан, Тегиз акуш айттырып» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 131). «...Баягы арты кучак чоң комуз, Дутарларын тарттырды. Алтымыштай балбанга Тегиз акуш айттырды...» деп айтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4