Акшагыл алюминий кени

Википедия дан

Акшагыл алюминий кени Баткен облусунун Баткен районунда, Туркестан, Алай кырка тоолорунун түндүк капталындагы Акшагыл тоосунда, деңиз деңгээлинен 1150–1921 м бийиктикте. 1963–66-жылдары издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы ортоңку-жогорку девондун жана төмөнкү-ортоңку Таш-Көмүр мезгилинин карбонаттык катмарлары менен түзүлгөн. Руда тулкулары кыска линза жана уя сымал топтолуп, ортоңку девондун акиташ тегинде жатат жана ортоңку Таш-Көмүр мезгилинин акиташ-доломит брекчиялары менен жабылган. Рудалык тулкуларынын саны 60ка жетет, калыңдыгы 0,5–4 м. Руданын минералдык курамы боюнча диаспор-темирлүү боксит үстөмдүк кылат. Алюминий кычкылынын өлчөмү 52–57%. Акшагыл кенинин бокситтери сапаты боюнча жогорку өнөр жайлык Б-3 жана Б-1 маркасына тиешелүү. Алюминий кычкылынын болжол запасы 391 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]