Акысыз окутуу

Википедия дан

Акысыз окутуубилим берүүнүн демократиялык тутумунун негизги принциптеринин бири. Бул принцип Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамында бекитилген. Акысыз окутуу эгерде ушул деңгээлдеги билимди жаран алгачкы жолу алса, мамлекеттик тапшырманын жана билим берүү стандарттарынын чегинде мамлекеттик билим берүү уюмдарында милдеттүү, акысыз жалпы орто, баштапкы кесиптик жана конкурстун негизи жогорку кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим алуу үчүн зарыл болгон социалдык-экономикалык жана укуктук шарттарды түзүүнү талап кылат.

Акысыз окуп окуп жаткандар үчүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын күтүүнү бюджеттен каржылоо, билим берүү уюмдарынын билим берүүчү кызматтарын бюджеттен төлөө же мамлекеттик билим берүү гранттарын берүү аркылуу ишке ашырылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Кыргыз педагогикасы: энциклопедиялык окуу куралы". Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Башкы редактор Ү.Асанов, жооптуу редактор И.Бекбоев. Бишкек - 2004. УДК 37.0 ББК 74.00я2 К 97