Ак-Булуң айылы
Көрүнүш
Бул барак сөздүн же сөз айкашынын маанилерин келтирип, тийиштүү макалаларга шилтеме берет. Бул жерге макаланын негизги текстинен багытталсаңыз: ал макаладагы шилтемени жана/же бул жерге багытталган баракты оңдоп, Википедияны жакшырта аласыз. Бирок, тийиштүү макала жазыла элек үчүн да бул жерге багытталган болушуңуз мүмкүн. |
Ак-Булуң
- Нарын областынын Нарын районундагы Чет-Нура айыл окуругуна караштуу кыштак. Нарын дарыясынын он жээгинде жайгашкан. Райондун борбору Нарын шаарынан 38 км чыгыш тарапта, Рыбачье т. ж. станциясынан 216 км. 1930-ж. не-гизделген. Калкы 188 (1986); негизинен мал чарбасында эмгектенишет. Аты Нарын дарыясынын Ат-Башы тушта имерилип агып, булунду пайда кылышынан келип чыккан.
Ак-Булуң
- Ысык-Көл облусунын Ак-Суу районундагы Ак-Булун айыл окуругуна караштуу кыштак. Ысык-Кел өрөөнүнүн чыгышында, Тескей Ала-Тоонун этегинде, Тургөн суусунун (Жыргаландын сол куймасы) сол жээгинде, Пржевальск — Жыргалаң авто жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) кыш-нан 35 км чыгыш тарапта, Рыбачье т. ж. станӊиясынан 258 км. 1922-ж. негизделген. Калкы 1640 (1987); негизинен мал чарбасында, картошка өстүрүүдө эмгектенишет. Орто мектеп, балдар бакча¬сы, амбулатория, клуб, китепкана, оорукана, медпункт бар. А-Башыда Кыргыз ССР эл артисти, комузчу жана композитор Ы. Туманов, советтик чек арачы К. Торгоев (кыштакта анын бюсту орнотулган) туулган.
Ак-Булуң жарым аралы. Ысык Келдүн түштүк жээгинде.