Ак-Суу козголоңу

Википедия дан

Ак-Суу козголоңу (орус. Беловодскiй мятѣжъ) — Чүй өрөөнүндөгү Ак-Суу кыштагында 1918-ж. «солчул» эсерлер Совет бийлигине каршы уюштурган козголоң. Ак-Суу козголоңунун чыгышына Пишпек уездинин 1-партиялык конференциясынын «солчул» эсерлерди жана буржуазиянын өкүлдөрүн бийлик органдарынан кууп чыгуу жөнүндөгү чечими шылтоо болгон.

Ак-Суу козголоңу
орус. Беловодскiй мятѣжъ
Дата

7-26 декабр 1918

Орун

Пишпек уезди, Түркстан Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасы

Себеп

Төмөнкүдө:

  • Козголоңчуларга Беловодскиде борбору менен Чалдовардан баш тарта Александровкага чейин жер берип Автономдуу Республикасын негиздөө.
  • Пишпек уездинен бүт Кызыл Армиясынын аскерлерин чыгаруу.
  • Бүт саясий камалгандарды камактан бошотуу.
  • Солчул Эсерлердин саясий партиясын шайлоодо жеңүүсү.
Өзгөрүүлөр

Бүт Кыргызстандын аймагында Кеңеш (Совет) бийлигинин орнотулуусу

Каршы тараптар
Беловодск Автоном Республикасы
Эсерлер Партиясы
РСФСР
Колбашчылар
Павел Благодаренко
Шестопал
Ткачов
Голюта
Молода
Краснобородкиндер
Коржов
Я. Н. Логвиненко
А. И. Иваницын
Швец-Базарный
Л. П. Емелев
Хайлюченко
М. И. Савельевич
Тарап күчтөрү
Беловодск Эл Республикасынын Куралданган Атчандар Полку

Баардыгы: 1-2миң арадай аскер
1-чи Пишпек Полку
Пржевальск Кызыл Армиясынын Гарнизону
Пишпек Шаарынын Гарнизону


Баардыгы: 2000 аскер, 6 пулемёт, 4 замбирек.
Жоготуулар
белгисиз белгисиз

6-декабрда эсерлер жергиликтүү оокаттуу дыйкандарды чогултуп, митинг өткөрүшкөн. Эсерлерден, эски офицерлерден, кулактардан «Элдик аскер совети» түзүлүп, советтик уюмдарды жоюу, Жети-Суу аймагында убактылуу өкмөттүн бийлигин калыбына келтирүү максаты коюлган. Козголоңго катышкан орустардын бир катары большевиктерден көп партиялуу демократиячыл түзүлүштү киргизүүнү талап кылышып, бул маселени сүйлөшүүлөр жолу менен да чечүүгө далалат кылышкан. Бул козголоңдун башында солчул эсер Бондаренко турган. Аларды дуңган жана кыргыз байлары колдогон. Козголоңчулар 1918-ж. 6-декабрда Ак-Суу кыштагындагы почтаны, телеграфты басып алышып, колго түшкөн большевиктерди, советтик кызматкерлерди, кызыл аскерлерди мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Козголоң Пишпек уездинин батыш жагынын жарымына тарап, Олуя-Ата уездинин айрым кыштактарына чейин жеткен. 14-декабрда Пишпек шаарынын батыш бөлүгүн ээлеп алышкан. Большевиктер тарабынан козголоңду басууга чечкиндүү чаралар көрүлүп, жер-жерлерде отряддар түзүлгөн. Козголоңду басууга 22-декабрда Жети-Суу фронтунан Я. Н. Логвиненко жетектеген 1-Пишпек полку келип, козголоңчулар 28-декабрда кызыл аскерлер тарабынан талкаланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1