Ак Нил

Википедия дан
Ак Нил

Ак Нил - (ар. Бахр - эль - Абьяд) - Нил дарыясынын Судандагы (Эль Газалдын чатынан Көк Нилдин чатына чейинки) аталышы. Узундугу 957 км, алабынын аянты 1059 миң км2. Сол куймасы Собат дарыясы киргенде сууга бозомтук түс берүүчү көптөгөн агындыларды агызып келгендиктен Ак Нил деп аталып калган. Хартум шаары туштагы орточо чыгымы 808 м/сек. Кеме жүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1

Калып:River-stub