Ак Шербет Бүргө кызы
Түшүндүрмө
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Туулган жылы:болжол менен 1780-1856-жылдын аралыгы.
- Туулган жери:атасы бийлик жүргүзгөн Талас районунудагы мурунку Чоң токой, азыркы Хан-Бүргө айылы ж-а Мерке жергеси.
- Уруусу:кушчу.
Кыскача маалымат
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шербеттин атасы Бүргө өлгөндө кошкон кошогу калкка кеңири белгилүү. Кийинки табылган даректер боюнча Шербеттин келбети, акылы, чечендиги, тайманбас курчтугу – бардык жагы төп келген акын болгондугу белгилүү болгон. Балыкооз менен серпишип, чоң акындын сынына толот, ал анын сөз кудуретине, талант жигерине таң калган. Буга далил, Жангарач: “Эй, Балыкооз, бул жаактуудан сенден өткөн ак таңдай ырчы барбы деги?” – деп суроо салганда Балык: “Уу, кайсыны айтасың, баатыр, мына бу Таластагы кушчу элинде кадимки хан Бүргөнүн кызы Ак Шербет деген акын бар. Ошонун ырын бир уксаңыз, бул үйгө кайтып келбейсиз” – деп жооп кайтарган экен. Акындын сөзүнөн улам Жангарач, Балык болуп аттанышып, Ак Шербетке барып жолукканда ал атасы Бүргөдөн баштап, Түлөберди, Канай, Жангарач, Байтикке чейин кошуп, ырлары мөлтүр суудай куюлуп ооз ачырган. Ошондо Жангарач “Шербеттин сөзү берметтин сөзү экен. Балыктын сөзү Калыктын көзү экен” – деп баа бериптир. Байтик минген атын таштап келген дешет. Балким, бул фактынын аңыздык да жагдайы бардыр. Бирок, сөз чындыгын бизге жеткен курч ырлары ачык айкындап турат. Кубат бий өлгөндөн кийин атасынын керээзи б-ча Агышай Таласка көчүп келип, кушчулардын арасында жашап калган. Бүргөнүн душман колдуу болуп каза табышы анын арыз-муңун арттырып ый менен кошо ыр жаралат.
Кылыч тийсе жаралап, Кый сүбөөсүн аралап, Бакпайт белек баарылап, Албайт белек дарылап.
Найза тийсе жаралап, Ай далысын аралап. Бакпайт белек барылап, Албайт белек дарылап – деп, баатыр атасынын согуш майданында кармашып жатып өлбөй, капыстан ажал табышына жаны кейийт. Шербеттин кошогу ырдын да, баатырдык дастандын да жүгүн көтөргөн. Анда кыз калкына туу болгон агасынын “Кокондон жоо жолотпой” баатырдык менен «кол баштагандыгын”, “асабасын жайылтып туу аштагандыгын” айта келип:
Хан Бүргөнүн тогону, Калың элге оголжу. Хан атам өтүп кеткен соң, Калкың эсен болобу? – деп, Бүргөнүн көзү өткөндөн кийинки журтунун тагдырын ойлоп тынчсызданат. Шербеттин кошогу демейде хан, бектерге карата айтылуучу гиперболалуу ыкма-салттуулуктан өзүнүн реалдууулугу м-н айырмаланат. Анда Бүргөнүн калкка чеп-коргон болгондугу, арыгын мыктап чаптырып, өрүшүн малга, өрөөнүн данга толтурган элге камкордугу, сарыбагыш, солтолордун кармашуусунда калыстык м-н чырды басып, элди бөөдө өлүмдөн сактап калышы сыяктуу реалдуу иштери камтылган. Анын атасына кошкон кошогу өзүнүн маани-мазмунунун тереңдиги, сөздөрүнүн курчтугу менен эл эсинен өчпөй сакталып калган.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борбору. Бишкек – 2004