Ак бата

Википедия дан

Ак бата — Бата сураган бала эки колунун чыпалактарын тийиштире тең кармап, алакандарын бириктире, бетине жакын тутуп, берген батаны аягына чейин күтүп, акырында гана «оомийин» деп, батаны кабыл алдым деген мааниде колун жүзүнө сүртөт. Бата алат. Бата тийген кишини бак жалгайт. Бата оңойлук менен жанбайт. Эгер бата жанса бак тайыйт. Батаны эл-журтка кадыр-баркы бар, көптү билип, көптү көргөн нарк-нускалуу даанышман карыялар, ак элечек байбичелер керек учурда гана берген. Мындай адамдардын батасын алыш үчүн кыйла жыл кызматын кылгандар, алыстан ат арытып атайын келгендер да болгон. Кэ¬эде эл чакырып бата сурашкан. Элдик бата касиеттүү, ыйык эсептелет. Кыргызда «эл керегине жараган киши бол!» - деп ба¬та беришет. Бул бата - кыргызга гана тиешелүү. Ошондой болсо да эл оозунда сакталып келаткан батанын түрлөрү көп. Алсак, колго суу куйганда колун жууган киши суу куйган балага «өмүрлүү бол, бактылуу бол! Өркөнүң өссүн! Кудай тилегиӊди берсин! Кудай жалгасын! Тилегиңе жет!» деген батасын берет. Ал эми ымыркай-уулга: «касиеттүүнүн сөзүнөн сакта, кескинин көзүнөн сакта, акелерине атчы болсун, үкөлөрүнө башчы болсун, жорткондо жолун ач, жоомарт кылып колун ач»; той ээсине: «керегең кептүү болсун, келиниң септүү болсун, уугуң учтуу болсун, уулуң туштуу болсун», күйөөгө узачу кызга же жаңы келген келинге: «кайнатаңды хандай көр, кайненеңди жандай көр, суу сунсаң да сумсайбай, алтын аяк балдай бер», эл керегине жарачу мыкты чыкма уулдарына «Теңир телегейиӊди тегиз, бактыӊды эгиз кылсын. Кем болбо, тең бол. Жолуң ачылсын, түбүң түптөлсүн» ж.б. деп бата беришкен. Батанын касирет-күчү касиеттүү деп эсептелет. Кыргызда кан Кошойдун Каныкейге берген батасы, Түгөлбай Сыдыкбековдун, Кусейин Карасай уулунун, Аксаамай Кыдыраалы кызынын ж.б. баталары белгилүү. Тескери (терс) бата деген да болгон, аны ууру-кескилерге, чыккынчыларга ж.б. багытташкан. Ал эми «ырахмат» деген сөз бата эмес, тек гана ыраазычылык билдирүү. Мисалы, калк кадырлаган аксакал чоң тойдо же салтанатта кыбыланы карап төмөнкүчө бата берген:

Атаңдан бото калбасын,
Бата калсын.Эл Сөз зээри
"Жамгыр менен Жер көгөрөт
Бата менен Эр көгөрөт"

Ушул бир ооз сөз канча миң жылдарды арытып, канча миң муунду карытып айтылып келет. Бу сөзгө кулагыбыздын да көнүп болгону ушунчалык ага мамилебиз да азыр күндөлүк "кант, чай, аба, нан, суу" деген түшүнүктөрдөй эле кадыресе жөнөкөйлөшүп калган. Ыгы келген да, келбеген да жерден балп айтып сала беребиз. Бирок ошону айтып жатып ушул бир ооз сөздө "аба, нан суу" деген дүнүйө түгөнгөн жердеги кундуу түшүнүктөрдөй эле эң түпкү улуу чындык мөл катылып калганын элес албайбыз. Ооба, суу тилеп, кеберсип турган боз талааны көнөктөп куйган жамгыр кандай жашартып, жан киргизип, тиргизип өтөөрү чын болсо, Ак Батанын да адамдын жан дүйнөсүн асылдантаар таасири ошондой, табияты ошондой. Бата айтканда бул дагы буруу-терүүсүз чындык! Бирок биз муну элебейбиз. Ойлонбойбуз да. Анткени көбүбүз батанын чыныгы озуйпасын гана эмес, бата сөздүн өзүн унутуп калганбыз. Анын баасы- баркын, кадырын, касиетин, кудуретин, демин, турмуш жагдайдын миң бир кырдаалына карай жүрөк тереңинен миң түрлөнүп сызылып чыгаар адеми түрлөрүн кудум жер тамырынан тарам-тарам балкып чыккан даамы-дарылыгы ар бөлөк арашан булак сыңары.


Ооба, бата чыны менен адамдын түпкүр касиетинин, кубатынын, аялуу сырынын сызылып сыртка чыгышы, сөз аркылуу. Мөлл. Ошон үчүн байыркылар "бата-сөздүн атасы" дешкен. Бул тек ооз учу айтылган кеп эмес, мүлдө жашоо турмушун жетекке алган жан мыйзамы болгон. Ошондуктан, не башына баш кошулуп, келин алып балкып отурган үй болобу, не эл милдетин мойнуна алып сапар жүргөн азамат болобу, же бул дүйнөдө артында бир тукуму калбай куу баш өтүп бараткан балага зар пенде болобу, жаки, жайыты кургап, жери бозоруп, илдет каптап, Көктүн бир тамчы суусуна зарылып турган журт болобу, не кылым калкты жыйнаган кыжылдаган аш, той болобу, болбосо, бүтүндөй эки элдин тагдыры ортодо калчанып, жеңилгени кылычтан өтөөр кыямат күн тууп, жаат мелтиреп турган чакта жаадай атылып ортого чыгып, ат ойнотуп кыл чайнап, "бата! бата! бата!" деп бакырып жекеге чыккан эр болобу, баары, баары батага кайрылган. Ак Батага, дили дирилдеп бата тилешкен. Ар кандай чоң, кичи маанилүү иш бата менен башталып, бата менен аяктаган. Бата күч да, дем да, кубат, кудурет да, ишеним, эрк да, баары. Баарынын бир уюлу. Ал адам жабыгындагы аяр дем, йыык күч. Ошол күчтүн көзү табылганда ал окуяны тикелей өзгөрткөн, ишке ашкан. Байыркылар батанын ушул улуу күчүн билген, ага ишенген, зарылган, сабылган. Жер-асманды уюткан Алтын Түркүктөй ага бек таянган. Ошон үчүн аавал замандан батанын ээсин-калк дааналарын, касиеттүү карыларын, нускалуу билгилерин ыйыктап, жолун кыя кеспеген. Ысымдарын бийик ызааттап, коңур, басмырт айткан. Айтса, бул, бата тилегендин гана эмес, андан да ириде, бата бергендин да, эң бир бийик жоопкер кыйдамы.

Кан Кошойдун батасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айтылган ойду ачыктоо үчүн кыргыз тарыхындагы, тагдырындагы көөнөргүс айжаркын мисал- Кан Кошой бабабыздын Каныкей энебизге берген батасын эстей кетсек орундуу. Көп чатактын башы Көкөтөйдүн ашында Кошой дөөгө чак шым жок бир түптүү эл буйдалып, балбанын чыгара албай кысталып турган тушта кайран энең Каныкей тоо текенин терисинен жасаткан каңдагайын алдырып, калк намысына туруп берген. Ошондо сөөгү ыраазы Кан Кошой: "Айгожодон үч тилегиң кабыл деп баталуу болдум эле,
Айгожом айткан үч тилек,
Экөөнү тилеп өткөнмүн.

...Артында калган бир батам,

Сактап жүргөн сүр батам.

...Манас сенин айыңдан,

Баласы жок жайыңдан,

Келгендерден кеп угам,

Кейүүчү сөздү көп угам,

Келин балам Каныкей,

Төрөбөй жүрөт деп угам,-

- деп анан ошол саргартып сактап жүргөн сүр батасын:

Манаска парзант берсин деп,

Пайдасын калкы көрсүн деп,

Каныкей эркек туусун деп,

Душмандан намыс куусун деп,

Баатыр бала болсун деп

Манастай арбак консун деп",-


Каныкейге арнаган жайы бар. Ошентип эл мүдөөсү Семетей батадан бүткөн. Бул, билгенге, өтө терең, купуя маанилүү кеп. Бул бата тилегендин да, бата бергендин да дили тазарган өзгөчө бир кырдаал, жаны ийиккен өзгөчө бир аяр абал. Бата тилеген жандын өзөк түпкүрүндө өрт жанган арман-көксөөсүн дирт туйган кыраа даанышмандык. Бата мына ушундайда ордунан келет, оңунан чыгат. Дил дирилдеп табышат. Бата айтуу эмкилердин тилинче, сөз материалдуу күчкө айланат. Бул, айрыкча азыр, ХХ к. аягы, ХХI к. башында адамзаттын илими өркүндөп, сырткы Аалам мейкинине эле эмес, адамдын ички Ааламына, анын психо-физиологиялык мүмкүнчүлүгүнүн ченемсиз кыйырларына улам тереңдеп сүңгүй баштаган замандары айкындалууда, ал-ишенимдин күчү, дилдин күчү, рух күчүнүн кара күчкө ашуу жиги. Батанын касиети мына ушул сыр жикте. Улуу Түлөөдө (тилөө), дүр Батада жүздөгөн, миңдеген кишилердин ниет-тилеги бир жерге чогулуп, бир ойго уюп, бир нуктуу багытталганда зор Күч төрөлөт.

Батанын ыйыктыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл оозундагы эзелтен айтылган батага байланышкан не бир керемет уламыштарга табигый илимдин ушул бүгүнкү бийигин жалгай карасак, анда ата-бабалардын жандын жабык сырларына карай салынган жолу канчалык аяр, канчалык таамай, неткен ничке-изги, кайталангыс жалгыз, болжолсуз терең болгондугуна, айласыз, айласыз баш чайкап, таң бербеске арга жок. Жок, бул чыныгы тереңин эч кандай акылда аңдап, эсте калчап түшүнүүгө мүмкүн болбой турган жабык сыр. Анткени ал дал ошол учурда гана, же мезгил-мейкиндин деминде гана адам дили асман зилине дирилдеп ийип жуурулуп кеткен мөрт, кулачы-боюна оролушуп өрүлүп өткөн учур. Ал ирмем кайталангыс, жалгыз кийин жок. Агып кеткен, булут менен кошо. Жел менен сыза, асман түбүнө оодарыла. Бата тилеген да, бата берген да абал чыныгы табиятында кайталангыс. Ал-Руханий акт! Учу Теңирде жаткан. Батанын ыйыктыгы ушунда.

Бата бериле турган учурлар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Ботонун куну-бир жут, батанын куну-миң кут"- деген кептин түйүнү ушул жакта. Ошондуктан анык батакөйлөр да батаны туш келди сураганга эле, же кайсы учур болсо да мейли, бере берген эмес. Анын-батанын, ийип-ийигип алаар адамы, көлкүп-балкып берилээр күнү, сааты болгон. Батага зарылган муңайым пенде ошол мөрттү издеген, күткөн. Жаны азарланып! Анткени ал, айтылды, бата сурагандын да, бата бергендин да дили Көк Жиги аркылуу өтөөр байланыш жол, айланыш жол. Эртегини коюп кечээгиге эле келсек, сарбагыш Ниязбек атаны (сегиз бектин атасы) айдын белгилүү гана күндөрүндө бата берчү дешет. Батасы кайтпаган дөөлөс Сарт аке тууралуу да ушуну айтышат.

Арийне, бул сөз жыйнактагы баталар бир эле берилген, башка айтылбайт дегенди билдирбейт. Эч! Айтылгандар батанын ички табиятына байланыштуу ойлор. Акыйкатта, мындагы баталардын өзү кылымдарды кыркып, ар бир заманга, муунга кызмат кылып келгени анык. Маселе, батанын сенин дилиңде жуурулушуп, сенин каныңда агып, сенин жаныңдын илебинде жылып, "Сеники" болуп берилишинде. Бата тиленип жаткан шарт-кырдаалдын билги камтылып, байыры бата өзөгүнүн байытылып берилишинин зарылдыгы айтпаса да түшүнүктүү. Бата ошон үчүн дайым тирүү, жандуу, заманга эриш.


Бул күндө биз ыйман тууралуу көп айтабыз. Ырасында эле сыртта ыймансыздыктын болуп көрбөгөндөй арааны жүрүүдө азыр. Ар иштин көзү бар. Ыйман да батага бүткүл ниетин буруп, ыкласын төшөп, дили дирилдеп бата тилегенде тирилет. Бата тилөө-ыйман алдында жоопкерлик алуу. Демек, батанын азыркы замандагы озуйпасы өзүнчө, өзгөчө.

Ата-Энеден алган бата[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Батанын башы, бул бала үчүн ата-энеден алган бата. Ата-Эне баланы мүлдө жан-жаратылышка, анын Бийик Ээсине жалгап турган жападан-жалгыз көпүрө сыңар. "Ата-Эненин артында Кудай турат" деген кыргыздын кыраа сөзү ушул. Чоң Кудайдан кийинки эле, Кудай-Ата-Эне. Бул тууралуу Ак Бата да: "Атам" деп жадында жүргөн жанды,

Аркы дүйнөдө Теңирим колдосун.

"Энем" деп эсинде түйгөн жанды,

Эки дүйнөдө Эгем колдосун,-

- деп мындай жанга батанын эң бийигин-ыйыгын ыроологон. Батанын да батасы, бул-Элдин батасы. Элдин батасын алган азамат Ата-Энеден артылып барып Эл Уулуна айланган жан. "Баталуу эр арыбас, батасыз эр жарыбас" деген макалдын, не, "Ата-Эненин эле уулу болбой, Элдин уулу бол" деген алкыштын да мааниси ушул. Ал эми Ак Батанын тилеги бу: Бир үйдүн баласы болбо,

Миң үйдүн санаасы бол.

Бир элдин Атасы болбо,

Миң элдин Даанасы бол.

Бата-адамдын Теңири менен жекеме-жеке байланыш Жолу. Ушундан улам адамды Жан-Жаратылыш , бийик Кудайга жалгап турган Көпүрө-Ата каны жуурулган мекен, эне сүтү менен эмген тил жана ак батанын тереңги байланышы тууралуу эрксиз, эрксиз көңүлгө мобул ой төтөйт. Бул күндө биз бата кылганда, мейли арбактарга куран окулсун, не жер-жуу тайып мазар ээсине багышталсын, оболу оо кыйлага дейре өзүбүзгө бир да бир сөзү түшүнүксүз, эс-акылыбызга эч бир ою илээшпеген жат тилдеги (араб) сөздөрдү жабыратып-шабыратып айта келип, анан эң сонунда гана барып эне тилибизде, ооба, жан жаратылышка ой-сезимибизди, ниет-дилибизди жынс жалгап турган эне тилибизде эки ооз бирдемени кошумчалап айткан болуп бетибизге бата сүртөбүз. Мындай жорук батанын эң түпкү озуйпа-философиясынын өзүнө кайчы эмес бекен! Анткени жана да айттык, эми да айтабыз, эртең да айтылат,- Адам тириг Жаратылышка, Бийик Аң-Сезимге (Кудаага) карай бир тал нур жолун Эне Тили аркылуу гана салат, бүт ниетин буруп, дилин-зилин ага нуктап жол алат. Ишенимдин өзү түбүндө аң-сезимдүү акт, Ал- Ишеним, карандай сокур эмес, эң бийик, эң таза, эң аяр аң-сезим аркылуу өткөндө гана көкүрөктөн чыккыс бүрдөйт-гүлдөйт, түбөлүк! Адам Тереңги Эске (Высший Разум) табияты ошондо окшойт, жакындайт. "Ашыкча эле динчил болуп кетүүдөн да сактаныңыздар" деп айтылган Мухаммед пайгамбардын хадистеринин бири- маанисин өзү билбей, түшүнбөй туруп эле ошонун баарын ойлонуп-ойлонбой ашынып аткара берген фанатизимге коюлган айып. Өзү түк түшүнбөгөн өзгө тил (мисалы араб тили) балким адамды белгилүү бир деңгээлдерге дейре ыргагында, мукамында Жан тербетип алып чыгаар, бирок акыры түбү Төбөдөн жолун кесип коөт, өз төбөсүнүн каалгасын ичинен жаап коөт. Анткени Акка Сапар, Теңирге Жол түбүндө, айттык, аң-сезимдүү Акт! Аң-сезим-Эне Тил ажырагыс, тамырлаш. Эне Тилдеги бата, мунаажат, дуба гана Дилге, Зилге, Жүлгө (Асман-Жер жиги)-Жол... Колуңуздардагы китепке ар кайдан, ар кездери жыйналган баталар киргизилди. Республика басма сөз беттерине жарыяланган, кытайлык кыргыз туугандарыбыздан жазылган, жамаатташ элдерге жайылып кеткен да айрым баталар алынды. Ырасында, булардын баарынын теги жалпы, байыркы, түбү элдики. Тек, биринде жайылта, экинчисинде кыскараак, не саптары да оошуп, көчүп айтылып келет. Андыктан кайсыл бата кимге тиешелүү деп таандыктап отурбай жалпы бердик. Аныгында, ал-орток. Дагы, мазмуун-түрлөрүнө карай шарттуу ирээттеп, тогузга бөлдүк. Ата-бабаларыбыз ар нерсенин мертебесин тогуздан ашырган эмес деген эски насыйкатта эсте туттук. Байкалып тургандай жыйнактагы баталардын негизги удулу көчмөн турмушка, көбүнесе мал-жанга байланышкан. Ушуга карап кай бирөөлөрдүн көңүлүндө: "Бу баталар эски, жаңы шартка, заманга ылайыгы жок" деген күңкүл ой да болмогу тур. Мындай ойду ушул турган жеринде төрөлтпөй туруп көмгөн жөн! Анткени, баяраак айтылды, бата деген бул, ириде- Рух. Ал эми Рух универсалдуу жана түбөлүктүү. Андыктан базар заман батасы сөзсүз эле "өксүбөсүн бизнесиң, мерседесиң сынбасын" (баса, "дөөтү колдосун, машинең майлуу-сүттүү болсун" деп жаңы шарт бата соңуна жалганып айтыла берет, бата- жаңырат) деген таризде эле жаралбайт. Ал көңкүдөн келген Рухка өзүн тутумдаш тутканда тирилет, төрөлөт, наар алат, кубаттанат. Экинчиден, кыргыз: "мал боор эт менен тең" деген. Бул сөздү да биз бүгүн эч кандай образ, метафорасыз түптүз эле түшүнө турган чак келди. Анткени, биздин бүткүл адамдык кулку-тулкубуз мал азыгы менен шартталган. Ар бир элдин улуттук касиети анын миң-миңдеген жылдар бою жуткан абасы, ичкен суусу, жеген ашы, жердеген жери менен байланышканы ак. Эгерде биз бүгүн ата-бабаларыбыздын рух касиетин, дүйнөгө мамилесин калыптаган улуттук даам- кошкон май, кымыз, бозо, эт, чучук, эжигей, айран, курут, бурта, сары жүрмө, сүрдөн такыр айрылсак, эртең эл (кыргыз!) болуудан калабыз, өксүйбүз. Демек, мал бүгүн биз үчүн физиология да, психология да, философия да, салт да, өнөр да, искусство да, эр оюну да, кыскасы-баары. Дүйнөдө кыргыз бойдон калуунун жерпай шарты! Андыктан мал-жанга байланыштуу баталар эч качан эскирбейт. Ал арттагы эмес, тескерисинче, алдан келээр, алдыдан табылаар, күчөп жаңыраар кубулуш. Бата- сөз зээри. "Атаңдан бото калбасын-бата калсын" дешкен илгеркилер. Батанын баркын сезсек, кадыры чыгаар. Ошондо ниет изгиленип, бир-бирибизге ыкласыбыз артаар, ишенич бекиир. Демек, бата элди бириктирип, улутту бир ынтымакка уютаар касиет күчкө ээ. Илгериде баталашып чыбык кыркышкан. Батаны бузган- ушул чыбыктай кыркылсын демеги. Ак боз бээ союп колун кандашкан. Антты, батаны бузгандын каны- ушундай төгүлсүн дегени. Бул- улуттук ахлактын башы. Руханий Акт! Бүгүн элдин моралына негизделбеген, көбүнесе сырттан көчүрүлгөн мыйзамдар жашоо-турмушубуздун өзөгүнө өрүп кирип, анан да аны атка минерлерибиз: "мыйзам-буйлаланган төө" атап, кандайынан калчасаң да жыгылбай айкүр конуп, мыйзамды жеке күнөөсүн көшөгөлөөнүн, жеке кызыкчылыгын турмушка ашыруунун мыйзамдуу куралы кылып алган тушта Атадан калган Ак Батанын касиети, ага ыйык ишеним бизге кандай, кандай, кандай гана зарыл-ай! Муну Конституция кармап калк алдында ант берген Президенттен баштап ага Калк атынан бата берген Аталык (ооба, бата берген Эл Даанасы Канга Калк сөзүн түз айтаар Аталык болуп калууга тийиш), андан эң төмөнкү Айыл Башчы жана Айыл Аксакалына чейинки деңгээлдин баарында ыйыктап, Эл, Теңир алдында жоопкерчилиги да моюнга жүктөлүшү парз. Ошондо гана Бата жеке адамдын, бир үйдүн, бир тойдун катышуучуларынын гана ниет-тилегинин биригип аруулануусу эмес, Кан Көкөтөй ашындагыдай эң бийик элдик-мамлекеттик маанисине ээ болот. Ошондо Элдик ишеним тирилет, Эл бир ынтымакка уюйт, Бийлик- Эл арасы ширелет, Коом ыйманы агарат. Ошондо азыр карыш бассаң жолуңду торогон, шайтанды ичиңе көрүнөө салган ар бир бурч, кесилиштеги ооздуксуз бейжай миңдеген шарап, тамеки көрнөктөрүн октологон Ак Батанын бири миңге татыган үлгү сөздөрү тоом жолдордо шамдай жанып турган болот. Ойду ойготуп, сезимди түйшөлтөт, жүрөккө жылжыйт. Ал эми жүрөгүндө Батанын шамы бал-бал жанган адамдын жүзү нурлуу, дили ыйбалуу. Ал жарык анын алды жолун жууган, тазалаган... Биз бүгүн Сөз Зээрине, Батанын Ыйык Касиетине туу ашууда музду жарып чыккан биринчи байчечекейдей жан-дүйнөбүз зарлап-аңсап, дирилдеп-зирилдеп өсүп жеттикпи?... Бата текстине үңүлүп жатып ушуну да бир ойлойлу. Чоюн Өмүраалы уулу ________________________________________