Ак илбирстин тукуму

Википедия дан
Ак илбирстин тукуму
Жанры

Драма

Режиссёру

Төлөмүш Океев

Сценарийдин
автору

Мар Байжиев,
Төлөмүш Океев

Башкы ролдордо

Догдурбек Кыдыралиев, Ашыр Чокубаев,
Алиман Жангорозова,
Досхан Жолжаксынов,
Марат Жанталиев,
Жамал Сейдакматова,
Гүлнара Алимбаева,
Гүлнара Кадыралиева

Оператору

Нуртай Борбиев

Композитору

Муратбек Бегалиев

Кинокомпания

Кыргызфильм

Узактыгы

110 мүнөт

Өлкө

СССР желеги СССР

Тили

Кыргызча
Орусча

Жылы

1985

IMDb

ID 0087937

«Ак илбирстин тукуму» (орус. Потомок белого барса) — 1984 жылы режиссёр Төлөмүш Океев тарабынан «Кыргызфильм» студиясында тартылган, эки бөлүмдүү совет-көркөм тасмасы.

Тасманын бет ачаары 1985 жылы апрель айында болгон.Кинону көрсөтүү укугун дүйнөнүн 35 өлкөсү сатып алган.1985-жылы Берлинде өткөн эл аралык кинофестивалда "Күмүш аюу" сыйлыгын утуп алган. 1986-жылы Азия өлкөлөрүндө өткөн фестивалда "Дамаск кылычы" сыйлыгына ээ болгон.

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көзгө атар мерген Кожожаш бүтүндөй бир айылды мергенчилиги менен баккан тың чыкма жигиттерден болот. Эли ачкачылыктан кырыла баштаганда Кожожаш ашуу ашып Мундузбай аттуу байдан досу Касен экөө жардам сурап барышат. Байдын токолу Айкени көңүлүндө жактырып калган Кожожаш, ал айылга кийинки барышында Айке менен жолугат. Бул аралыкта Айке да ичинен тымызын Кожожашты күтүп жүргөн болот. Мергенчинин бул кылыгын билип калган жубайы Зулайка өлгүсү келет. Кийин Зулайка Айкени баласы менен алып кел дейт. Бирок Мундузбай баланын Кожожаштан экенин билип турса да, мураскери жок болгондуктан уулум деп элге жар салып, той берет. Мергенчи элин ачарчылыктан куткаруу максатында бөкөндөрдү аёосуз кыра баштайт. Алардын этин айыл эли жесе, мүйүздөрүн мылтыкка алмаштырып, уулу менен сүйгөнүн Мундузбайдан кайтарып алууну тымызын көздөйт. Бөкөндөрдүн арасында, алардын терисинен тон кийген өз уулу Карагулду тааныбай Кожожаш өз колу менен атып алат.Тасманын негизги мазмунунда "жаратылышка болгон ырайымсыздыктан, жаратылыш өзүнүн өчүн алышын" баяндайт.

Каармандарда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Актёр Роль
Догдурбек Кыдыралиев Кожожаш Мергенчи Кожожаш
Ашыр Чокубаев Касен Касен
Алиман Жангорозова Сайкал Уруу башчысы Сайкал
Марат Жантелиев Саяк Саяк
Жамал Сейдакматова Бегайым Мундузбайдын байбичеси Бегайым
Досхан Жолжаксынов Мундусбай Мундусбай
Акыл Куланбаев Карыпбай Карыпбай

Тасманын тартылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартуучу топ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бийиктиги 6995 метр болгон Хан-Теңир чокусуна Каракол шаарынан тик учак менен 40 мүнөттө, жөө барса 3 күндө жетет. Тик учак бороон-чапкындын айынан Хан-Теңирге жете албай, актёрлор тамак-ашы жок ачка калышкан. Тоңуп кала жаздашканда гримге колдонуучу спиртке кар кошуп ичип, сууктан аман калышканын актёрлор көп эскеришет.

Кожожаш менен Касендин Мундузбайдын боз үйүнө кирип саламдашып турган учуру. Байдын айылына жеткиче жигиттер кар көчкүдө калышат. Көчкүнү чыгармачыл топ атып түшүрүшкөн. Чу дегенде эле кинону Төлөмүш Океев ушул көрүнүштү тартуу менен баштаган. "Тартууну эмнеге ушундан баштадыңыз?" деп сурашканда "Ашыр менен Догдурбек каза болуп калса, башка актёрлор менен кайра башынан тартуу керектигин ойлодум" деп, кинорежиссёр тамаша-чыны аралаш жооп кайтарган экен.

Жалама аскаларда мышыктай секирип чуркап жүргөн Догдурбек Кыдыралиевди Москвадан келген альпинисттер "жүрү биз менен кет, сен көп чокуларды багынтасың" дешкен. Бирок Кожожаштын ролун жаратам деп суукка тоңгон актёр альпинисттердин сунушунан баш тарткан. Актёр бул ролу үчүн 8000 рубль гонорар алган.

Алгач уруу башчысы манасчы кемпирдин ролуна Жамал Сейдакматова кабыл алынып, аны гримдин жардамы менен картайтмак болушат. Актриса "аны ойнобойм" дей бергендиктен, ага Мундузбайдын байбичесинин ролу тийип, манасчы кемпирди Алиман Жангорозова аткарат.

Акыл-эси кем баланын ролун аткарган Марат Жанталиевди кемпирлер чындап жинди деп ойлошуп, "Кудайдын кылганы да, келегой, айран ич" дешсе, жаш балдар аны теңтуш кылып алышкан.

Режиссёр мергенчилерге илбирс, кайберен кармап келгиле деп тапшырма берген. Алар таап келген үч жашар илбирс кино тартылып бүткөндөн кийин Москвадагы, Сур эчки араб өлкөлөрүнүн бирине зоопаркка өткөрүлгөн.

Ийгиликтери жана сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1985-жылы Берлинде өткөн эл аралык кинофестивалда "Күмүш аюу" сыйлыгын утуп алган.
  • 1986-жылы Азия өлкөлөрүндө өткөн фестивалда "Дамаск кылычы" сыйлыгына ээ болгон.

Эскертмелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]