Мар Байжиев

Википедия дан
Мар Байжиев
Байжиев Мар Ташымович
Туулган датасы:

23 -март 1935(1935-03-23)

Туулган жери:

Жалал-Абад, Кыргыз ССРи, СССР

Өлгөн датасы:

29 -октябрь 2021(2021-10-29) (86 жаш)

Өлгөн жери:

Бишкек, Кыргызстан

Жарандыгы:

ССРС СССР Кыргызстан

Ишмердүүлүгү:

жазуучу, драматург , журналист, адабият таануучу, сценарист, кинорежиссёр, котормочу

Чыгармаларынын тилдери:

Кыргызча

Сыйлыктары:
3- даражадагы «Манас» орени
3- даражадагы «Манас» орени
«Данакер» орденинин ээси
«Данакер» орденинин ээси

Мар Байжиев (23-март 1935, Жалал-Абад, Кыргыз ССРи29-октябрь 2021, Бишкек, Кыргызстан) — Советтик жана Кыргызстандык жазуучу, публицист, драматург, журналист, режиссёр , адабият таануучу жана котормочу.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1960-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин орус тили жана адабият бөлүмүн бүтүргөн.
1962–1964-жж. Москвадагы Жогорку сценардык курста окуган. «Кыргызфильм» киностудиясында улук редактор, Кыргыз КСРинин маданият министрлигинин репертуардык коллегиясынын башкы редактору.
1971–1975-жж. «Литературная газетасынын» Кыргызстан боюнча өз кабарчысы болгон.
1961-жылдан КСРБ Кинематографисттер союзунун, 1966-жылдан КСРБ Жазуучулар бирлигинин мүчөсү.
М.Байжиев орус жана кыргыз тилдеринде жазып, сынчы, котормочу катары да таанылган.
1961-жылы «Каракурт» аттуу сатиралык аңгемелер жыйнагы жарык көргөн.

М.Байжиев тарабынан «Балдар бойго жеткенде», «Эрөөл», «Эр намысы», «Ар бир үйдө майрам», «Кыз-күйөө», «Алтынчы күнү кечинде», «Узак сапардагы поезд» пьесалары жазылган. «Эрөөл» пьесасынын сюже-тине эки опера түзүлгөн. М.Байжиев «Кожожаш» эпосунун мотиви боюнча «Байыркы жомок» драмасын жазган.

М.Байжиевдин сценарийи боюнча «Кыргызфильм» киностудиясында «Ак илбирстин тукуму», «Алтын күз», «Өзбекфильм» студиясында «Бөтөн бакыт», «Нөшөр», «Казактелефильм» студиясында «Жаңы жыл алдындагы түн» аттуу толук метраждуу көркөм фильмдер тартылган. Автордун аңгемелери боюнча башка студияларда дагы кыска метраждуу бир нече көркөм фильмдер ишке ашырылган. «Акмактардын поезди», «Окуя» көркөм фильмдердин, «Великий эпос» ж.б. документалдуу фильмдердин автору. Фильмдердин айрымдары эл аралык фестивалдарда жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон. М.Байжиев К.Жантөшевдин, Т.Молдонун жана башка авторлордун чыгармаларын орус тилине которгон. «Манас» эпосунун орус тилинде чыгышын даярдоого катышкан.

М.Байжиевдин чыгармалары КМШ, чет өлкөлөрдүн тилдерине которулуп, өзүнчө китеп болуп басылып чыккан.

Драмалары КСРБнин 200дөн ашык театрларында: Москва, Ленинград, Киев, Ташкент, Рига, Тблиси, Баку, Алма-Ата шаарларынын, Польша, Венгрия, Австрия, Канада, Монголия, Румыния, Болгария, Финландия ж.б. өлкөлөрүнүн сахналарында коюлган.

«Седеп» фондунун президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл депутаты, маданият, эл агартуу, мамлекеттик тил жана туризм боюнча Жогорку Кеңештин комиссиясынын төрагасы (1990–1994-жж.) болгон. Бүгүнкү күнгө чейин кино академиянын президенти.

«Кыргыз Эл жазуучусу» деген наам ыйгарылган. Кыргыз кино академиясынын академиги. Искусство институтунун профессору. КСРБ кинематографиясынын отличниги. «Манас» орденинин кавалери.

М.Байжиевдин чыгармачылыгы боюнча дипломдук, кандидаттык, доктордук иштер корголуп, өзүнчө монографиялар жарык көргөн. Драматург Мар Байжиевдин балалыгы да,жаштык кези да,чыгармачылык тагдыры да татаал,карама-каршылыктуу болду.Анын балалыгы Улуу Атамекендик согуштун оор жылдарына туш келген.Кыйынчылыктуу кырдаал Мардын атасы Ташымдын 1942-жылы согушка аттанышы менен,ого бетер татаалданган.

Китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кара курт: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1961.–79 б.
  • Чыйыр: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1966.–140 б.
  • Адашкан адам: Мыскылдуу сахналар, тамашалар, драмалар. – Ф.: Мектеп, 1974. – 208 б.
  • Ар бир үйдө майрам: Драмалар. – Ф.: Кыргызстан., 1980. – 316 б.
  • Мезгил барактары: Аңгемелер жана повесттер. – Ф.: Кыргызстан., 1987. – 320 б.
  • Узак сапардагы поезд: Пьесалар. – Б.: Адабият, 1991.–376 б.
  • Т.Байжиев. – Б.: Седеп фондусу, 2002.–338 б.
  • М.Байжиев сахнада: Пьесалар. – Б.: Седеп фондусу, 2006. – 542 б.
  • Аңгемелер жана повесттер. – Б.: Седеп фондусу, 2006. – 302 б.
  • Манас насааты: Окуу китеби. – Б.: Шам, 2005. – 168 б.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Возвращение: Рассказы. – Ф.: Киргизгосиздат, 1964.– 111 с.
  • Дуэль: Драма. – М.: ВУОАИ, 1968. – 45 с.
  • Чужое счастье: Новеллы, повесть, киноповесть. – Ф.: Кыргызстан, 1969. – 203 с.
  • Осенние дожди: Сборник рассказов. – М.: Худ.литература, 1975
  • Моя золотая рыбка: Рассказы и повести. – М.: Мол. гвардия, 1976. – 255 с.
  • Мы – мужчины: Веселая притча. – М.: ВААП, 1976. – 55 с.
  • Древняя сказка: Драма. – М.: ВААП, 1978. – 54 с.
  • Адиль и Тынча лучшие!:пьеса.
  • Мы – мужчины: Пьесы. – М.: Сов. писатель, 1978. – 224 с.
  • В субботу вечером: Пьесы. – М.: Искусство, 1987. – 365 с.
  • Т.Байжиев. – Б.: ЖЗЛК, 2004. – 305 с.
  • В битве за истину: Литературоведческие очерки разных лет. – Б.: Седепфонд, 2001. – 281 с.
  • На сцене: Сборник пьес. – Б.: Седепфонд, 2005. – 300 с.
  • Повести и рассказы. – Б.: Седепфонд, 2005. – 430 с.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Молдо Т. Үркөрдүн кызы Үлпүлдөк сулуу: Жомок-уламыштар. – Ф.: Адабият, 1989. – 16 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]