Балбай Алагушов

Википедия дан
Алагушев, Балбай‎»‎ барагынан багытталды)
Балбай Алагушев, "Азаттык" үналгысынын көркөм өнөр жана музыка тарыхы боюнча серепчиси. Бишкек шаары, Кыргызстан. 2008-жылдын 30-октябры.

Балбай Алагушов – кыргыздын көркөм өнөрүн, музыкасын, фольклордук мурасын иликтеген көрүнүктүү журналист, өнөр таануучу, Кыргызстандын эл артисти (2011).

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Балбай Алагушов 1936-жылдын 5-майында Кыргызстандагы Ысык-Көл жергесинде Тоң районуна караштуу Кызыл-Дөбө айылында туулган.

1959-жылы Кыргыз улуттук университетинин (ал кездеги КМУнун) филология факультетин, 1973-жылы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын бүтүргөн.

1959-65-жылдары "Кыргызстан пионери" гезитинде бөлүм башчы болгон.

1965-85-жылдары Кыргызстандын Илимдер академиясынын философия жана укук институтунун эстетика жана өнөр таануу бөлүмчөсүндө (сектор) илимий кызматкер болгон.

1985-1998-жылдары "Кыргызстан", "Адабият" басмаларында бөлүм башчы болуп иштеген.

Алагушев 1997-жылдын 7-июнунан тартып “Азаттык үналгысы” аркылуу кыргыздын чыгаан композиторлорун, акындарын, ырчыларын, күүчүлөрүн, комузчуларын, кыякчыларын жана алардын көөнөргүс [мурасын]http://www.azattyk.kg/content/article/1867357.html калайыкка тааныштырып, алар тууралуу эл сабатын кеңейтип келет.

Балбай Алагушов Кыргыз Улуттук Журналисттер жана Жазуучулар бирикмелеринин, Кыргызстан композиторлор бирикмесинин мүчөсү.

“Кыргыз музыкасы ( энциклопедия)” жана башка элүүдөй китептин, орто мектептер үчүн музыка сабагы боюнча окуу куралдарынын автору.

КТРКда "Алтын корду" негиздеши[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Балбай Алагушов КТРКдагы Алтын корду негиздегендердин бири болгон. Бул тууралуу ал мындайча эскерет:

"Тагдыр ушундай экен, окууну бүтүп атканда 1959-жылдын 1-январынан дипломдук ишти жазууга каникулга тарадык. Ошол учурда менин биринчи макалам чыккан «Кыргызстан пионери» газетасында иштеп калдым. А жерде 1960-жылдын 15-августуна чейин иштедим. Анан чакырык боюнча Кыргыз радио комитетине барып, музыкалык редакциясында редактор болуп иштеп калдым. Ошол күндөн музыкага мурдагыдан да кызыгып, атактуу шайырлардын баарын чакырып, күүлөрүн тасмага жаздыра баштадым. Кыргыз радиосунун алдындагы Алтын фондуну биринчи жолу мен баштадым. Ы.Тумановдун, М.Баетовдун, Шекербек Шеркуловдун, Асылбек Эшмамбетовдун күүлөрүн жаздырдым. Башкы редакторубуз Асылкан Бөрүбаев деген комуз черткен, музыкага жакын экен. Ага: «Жаңы жыл кирип келди, агай, «Эл шайырлары микрофондо» деген берүү уюштурбайынбы?»- десем макул болду. Осмонкул Бөлөбалаев, Саякбай Каралаев, Алымкул Үсөнбаев, Ыбырай Туманов, Саид Бекмуратов, Эркесары Бекназаров, Асылбек Эшманбетовдорду студияга чакырдым. Райкан Шүкүрбеков экөөбүз алып бардык. Мен кийин Алтын фондго калтырдым, грампластинка чыгардым. Кийин СДге көчүрүп койдум. Өчпөй турган от, өлбөй турган адам жок деп Кыргыз радиосунда жүргөндө 100 сааттан ашык берүү даярдадым". (Булак: Обон Archived 2016-03-04 at the Wayback Machine. 27.9.2011.).

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Эмгектеги артыкчылык" медалы (1986-жыл).

"Манас-1000" медалы (1995-жыл).

"Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" наамы (1990-жыл).

Кыргыз Республикасынын эл артисти (2011-жылдын 30-августу).

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. - ISBN 9967-14-016-X.
  • Кыргыз обондору / Жыйнакты түзгөндөр Б.Алагушов, К.Мадваров. – Фрунзе: «Кыргызстан» басмасы, 1970. – 474 бет. – [Кыргыз ССР Маданият министрлиги. Республикалык эл чыгармачылык үйү]. (Ырлар нотасы менен берилген).
  • Алагушов, Балбай. Өмүрүмдүн барактарынан: 1-том. (Автордун өмүрү, чыгармачылыгы, окурмандардын ой-пикирлери, эскерүүлөрү, кайрылуулары, баардашуулары, куттуктоолор / Сүрөтчүсү Э.Салиев. – Бишкек: Кут Бер, 2011. – 456 бет. - ISBN 978-9967-437-74-6.
  • Алагушов, Балбай. Өмүрүмдүн барактарынан: 2-том. (Автордун журналисттик, котормочулук, адабиятчылык, музыка изилдөөчүлүк кесибине арналган ар кандай жанрдагы чыгармалары кирди) / Сүрөтчүсү Э.Салиев. – Бишкек: Кут Бер, 2011. – 344 бет. - ISBN 978-9967-437-74-6.
  • Алагушов, Балбай. Өмүрүмдүн барактарынан: Энциклопедист. 3-том. (Автордун энциклопедисттик, музыка таануучулук кесибине арналган ар кандай макалалары кирди) / Сүрөтчүсү Т.Сарыбаев. – Бишкек, 2012. – 320 бет. - ISBN 978-9967-437-74-6.
  • Алагушов, Балбай. Өмүрүмдүн барактарынан: Элестери эсимде. 4-том. (Автордун бул томуна залкар шайырлардын өмүрлөрүнө жана автордун чыгармачылыгына арналган кыргыз, орус тилдериндеги сүрөттөмөлөрү, очерктери, баяндамалары, эскерүүлөрү, баардашуулары, кайрылуулары, ой-толгоолору ж.б. темадагы макалалары кирди) / Сүрөтчүсү Т.Сарыбаев. – Бишкек, 2012. – 303 бет. - ISBN 978-9967-437-74-6.
  • Алагушов, Балбай. Таланттардын тагдырларынан (Баарлашуулар, маалымдамалар, эскерүүлөр, ой-толгоолор, сүрөттөмөлөр) / Сүрөтчүсү Т.Сарыбаев. – Бишкек, 2011. – 356 бет. - ISBN 978-9967-25-985-0.

Ал тууралуу чыгармалар жана китеп макалалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • АЛАГУШОВ Балбай // Союз композиторов Киргизской ССР. – Ф., 1989. – С. 23–28.
  • АЛАГУШОВ Б. Б. // Композиторы Кыргызской Республики: Справочник. – Б., 2008. – С. 129-130.
  • Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. - ISBN 9967-14-016-X. - (Мында: 137-138-бетте).

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]