Алай кою

Википедия дан

Алай кою - эт, май, жүн багытындагы кой породасы. КРнын Ош облусунда Алай районунда кыргыздын гиссар тибиндеги куйруктуу кою прекос коюнун кочкору менен аргындаштырылып алынган. Кийин куйруктуу кылчык жүндүү жана ар кандай муундагы (генерация) метис (аргын) соолуктар жүнү жакшы, куйруктуу метис кочкорлорго куудурулган. Жүнүнүн өңүн бозортуу жана аны узартуу максатында кой тобунун бир бөлүгү саража коюнун кочкору менен кыстырынды аргындаштырылган. Натыйжада койдун генеалогиясы ар башка эки тобу алынган. Кийин бул эки топтогу койлордун соолуктары куйруктуу ак кочкор менен куудурулган, ал эми ак койлордун керектүү тиби өз ичинен кочкор салынып өстүрүлгөн. Кийин максаттуу селекциялык-асылдандыруу ишин жүргүзүүнүн (20 ж. бою) натыйжасында 1981-ж. бийик тоо шартында жыл бою жайытта багылуучу куйруктуу чала кылчык ак жүндүү койдун жаңы породасы бекпген. Кочкорунун салмагы 145 кг, соолугунуку 62-68 кг (айрымдары 85 кг). Козусу жүнү өскөлөң, чоң туулуп, тез жетилет. Күрпөңүнүн (4-4,5 айлык) салмагы 32-37 кг. Алай кою Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа райондорунда асыралат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1