Ала жер

Википедия дан

Aла жер

Жердин аты, тарыхый топоним. Махмуд Кашкардын «Диван лугат-ит-түрк» китебинде (11-к.) Ферганага жакын жайгашкан жайлоо деп баяндалат. Анын Кыргызстандын түштүгүндөгү Алай өрөөнүн билдирери шексиз. Аты, ээлеген географиялык орду жана чарбачылыкта пайдаланылышы жагынан Ала менен Алай өрөөнүнүн окшоштугу ачык эле байкалат. Археологиялык табылгаларга, табигый маалыматтарга Караганда жери кеӊири, чөп-чары мол Алай өрөөнү эзелтен эле атактуу жайлоо болгон, андан Батыш менен Чыгыш элдерин байланыштырган кербен жол өткөн. Айрым изилдөөлөр «Улуу жибек жолунун» негизги тармагы Алай өрөөнү аркылуу өткөндүгүн көрсөткөн. Атоо башында байыркы түрк тилинде алаа («кызыл») формасында айтылып, кийин кыргыз тилинин ыкмасы менен «алай» түрүнө өткөн көрүнөт. Азыркы жакут (саха) тилинде лексема ушул мааниде. Алай өрөөнүн курчаган неогендин кызыл чопо, кум-таштары мындагы көп жердин аты болууга негиз болгон (мис., Кызыл-Суу, Кы- зыл-Агын, Кызыл-Тоо ж. б.).